www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш дүйнөдө жакырчылык менен ачарчылык акыркы бир нече он жылдыктан бери биринчи жолу болуп көрбөгөндөй өсүп жатканын билдирди.
Бул тууралуу ал бүткүл дүйнөлүк Адам укуктарынын күнүнө карата билдирүүсүндө айтты.
"COVID-19 эпидемиясы, климаттык жана санариптик технологиялык кризисти жана жашоонун бардык тармактарында адам укуктарына жаңы коркунучтарды жаратты. Коомдук мейкиндик кыскарууда. Жакырчылык жана ачарчылык акыркы ондогон жылдардан бери биринчи жолу ушундай деңгээлге чейин өстү. Миллиондогон балдар билим алуу укугунан ажырады. Теңсиздик тереңдеп кетти. Бирок, биз башка жолду тандай алабыз", - деди Гуттерриш.
Ал мындан 73 жыл мурун дал ушул күнү БУУнун Башкы ассамблеясы Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алганына токтолуп, "Бул Декларацияда баяндалган принциптер адамдын бардык укуктарын, анын ичинде жарандык, экономикалык, маданий, социалдык жана саясий бардык укуктарын ишке ашыруу үчүн маанилүү", - деди.
Ошондой эле, ал сөзүнүн соңунда Бириккен Улуттар Уюмунун ар дайым адилеттик, теңдик, ар-намыс жана адам укуктары үчүн аракетин уланта берерин баса белгиледи.
Булак: NazarNews.kg