www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жылдан жылга майып балдардын саны көбөйүүдө

Кыргызстанда жылдан жылга майып балдардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Балдарды жана энени коргоо улуттук борборунун дарыгери, невропатолог Нурмухаммед Бабажанов билдирди.

Анын айтымында, жыл башында 32 миң майып бала каттоодон өткөн. Алардын 34 %ы нерв системасынын бузулуусу менен байланыштуу. ал эми 12 %ынын акыл-эси кем. Жалпысынан майып балдардын 46 %ы нерв оорулары менен жабыркайт.

Бул көрсөткүч жыл санап өсүүдө. Алсак, 2010-жылы мындай балдардын саны 22 миңди түзсө, быйыл 32 миңге жетти. Бул — орчундуу көйгөй.

«Анын себептери да көп, витаминдердин жетишсиздиги, экологиянын бузулуусу жана башкалар. Ар бир үй-бүлө балалуу болордо атайын даярданып, пландаштырышы зарыл. Кыргызстанда аялдардын дээрлик 40 %ы аз кандуулук менен жабыркайт. Кан жетишпесе, түйүлдүктөгү баланын өсүп-өнүгүшү начарлайт. Мындан сырткары, темирдин жетишсиздиги да тубаса кемтиктерге жол ачууда», — дейт Бабажанов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости