www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"ММК Колдоо Борбору” Фонду 2020-жылдын 20-сентябрынан 25-октябрына чейин Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Федералдык Министрлигинин жана Deutsche Welle академиясынын колдоосу менен медиа жана маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча долбоордун алкагында Кыргызстандын мектептеринин арасында медиа бурчтардын сынагын өткөрөт. Бул боюнча аталган фонддун долбоорлор боюнча директору Айчурек Усупбаева билдирди.

Анын айтымында, "Мыкты медиа бурч" сынагына быйылкы жылы медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун негизги темаларынан тышкары, аралыктан билим берүү жана COVID-19 пандемиясы темасын да киргизилет. Сынакка буга чейин иштеп келген медиа бурчтар жана жаңы медиа бурчтар катыша алат.

Сынактын деталдуу шарттары менен таанышуу үчүн https://mediasabak.org/kg/news/166/  шилтемеси аркылуу кирип, атайын форманы толтуруп жөнөтүү керек. Катталгандан кийин пост жана видео түрүндө контент түзүүнү баштоо зарыл.

Сынак 2020-жылдын 25-октябрында аяктап, 5-ноябрына чейин жыйынтыгы чыгарылат. Финалисттерди тандоо “ММК Колдоо Борбору” Фонду тарабынан сынактык негизинде жүргүзүлөт. Ошол эле учурда, мектептин Медиа бурчун мындан ары жайылтууга команданын мотивациясы жана даярдыгы бааланат.

Сынактын байге  фонду:

1-орун - ноутбук

2-орун - планшет

3-орун - планшет

Булак: NazarNews.kg

Последние новости