www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Раим Матраимовго асылганыңарды качан токтотосуңар?

Атамбаевдин эшигин эки ай сагалаган жугундукорлор, Жээнбековдун президенттик башкаруусу жакпай, Кокондон келген кожоюнуңарды сагынган трайбалистер, дайыма элди түндүк, түштүк кылып бөлгөн эл бузарлар!

Раим Матраимовго асылганыңарды качан токтотосуңар? Эмне, Раим Матраимов президент болуп Кыргызстанды башкардыбы, баардык кесепетке аны күнөөлөгүдөй. Эмне, Раим премьер министр болуп иштеп, Кытай менен ТЭЦтин договорун бүтүрдүбү, аны жеп койду дегидей. Раим музейге колун салдыбы? Болгону үч-төрт жыл таможнянын башчысынын жардамчысы болуп иштептир. Эмне, жардамчы болуп иштеген Раимге бүт таможняны жедирип коюп, таможнянын башчысы Кулматов эшек такалап олтуруптурбу? Таможняны Раим курутуп салган болсо, дөөдүр Атамбаевиңер эмне үчүн президенттик мезгилинде каматып салбаган? Андай болбосо, Раимди каралап жазганыңарда Кулматовду, Атамбаевди, андан тышкары, ошол мезгилде таможняда иштегендерди адамгерчилик үстүнөн болсо да кошо жазбайсыңарбы, бирге каралабайсыңарбы? Эй акмактар, эмне эле тарпка конгон жорудай болуп, баарыңар Раимге жабышып калдыңар? Раимди силер билбей туруп, Атамбаев деген кылмышкер уулуңардын бир ооз сөзү менен каралап келесиңер.

А биз, түштүк эли Матраимовдорду билип туруп, анан сыйлайбыз. Билген үчүн мактайбыз. Түштүк эли жугунду үчүн мактабайт, коргобойт, колдобойт, силерге окшоп. Матраимовдордун элге чачкан акчасы пешене тери, акыл менен иштеп тапкан эмгегинин жыйынтыгы, Кудай колдогон: таза, колу ачык, адамгерчиликтүү, элдин керегине жаралган март жигиттер экенинин мөмөсү, жыйынтыгы. Кудай ар кимге бере бербейт. Алмаз Акматалиев деген, эл бүт тааныган трайбалист профессор адам, былтыр көрө албастык менен айтты эле: "эти южанин очень хитрые и проворливые, поэтому так разбогатели, а мы северяни-бедные, ушами хлопаем" деп. Эң оболу пейилди оңдош керек, орток профессор. Профессор деген адамдын айткан сөзү ушул болсо, анда башка карапайым калктан эмнени күтсө болот? Матраимовдор хитрый и проворливый үчүн байып кетишкен эмес. Буларга ата энеси элдин уулу кылып тарбия бергенидигинде. Өздөрүнүн күчү менен фонд ачышып, фондго чет жактан ар кандай жардам сүрүп келип, элге таркатып жатса хитрый болуп калабы?

Мына азыр да соц тармактарды ачып карасаң эле бетин жуубаган, ыплас тарбия көргөн чоң кичинесине чейин Раим деп жатып калышты. Раимди биз түштүк эли баалайбыз, жугундукорлорго талатып карап турбайбыз. Кара өзгөй мүнөзүңөрдөн, кара ниет адатыңардан, ичиңерге таруу айланбаган ач көздүгүңөрдөн, кыргызды бөлгөн бузакылыгыңардан арылбасаңар, эч качан бай болбойсуңар. Жарыбай жүрүп, тиги профессор байкеңер айткандай: "байкуш" болуп өтүп кетесиңер. Раим шайлоого кетип жаткан жок, себеби бизде атасынан, агасынан аттап өтүп кете турган силердин акмак салтыңар жок. Ал эми Искендер Матраимовду акча чачпаса деле эл шайлайт. Анын кандай депутат болгонун баарыбыз көргөнбүз. Кээ бир белгилүү эле адамдар, ар партиянын эшигин сагалашып, эч жерге бата албай сыртта калышты саргайышып.

Ал эми Искендерди любой партия катарына кошуп алат эле, себеби жакшы адам жолдо калбайт, ишеничтүү адам менен разведкага ойлонбой ким болсо да бара берет. Матраимовдордун жолунун дайыма ачык болушуна, алардын акчасы эмес, өздөрүнүн жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги, сабырдуүлугу, эч бир адамга зыяны тийбегендиги, Кудай деген жакшы ой- тилектери себепчи. Матраимовдорду каралайм дегендерди Кудай өзү жазалап жатат, кээ бирөөлөрү сыртка качып, башкалары камалып. Аны да жугундукорлор президентке байланыштырып жүрүшөт, өздөрүнүн ыплас ою боюнча. Кара ниет адамдын эч качан бири эки болбойт. Бирөөгө ор казсаң, сөзсүз өзүң түшөсүң. Раимди жаманаты кылабыз дегендер, ушул нерсени бир эсиңерге тутуп койгула. Кудай буюрса, биз Матраимовдордун көп ийгиликтеринин күбөсү болобуз. Булардын ийгилиги- элдин ийгилиги. Мындай экенин өткөндөгү төрт айлык коронавирус учурунда бүт эл көрүп, билдик. Көрбөгөндөр көр болсун. Билгиси келбегендер кара жер менен тең болсун. Башка эмне демек элек?

Атамбаевдин эшигин эки ай сагалаган жугундукорлор, Жээнбековдун президенттик башкаруусу жакпай, Кокондон келген...

Опубликовано Шамурзой Борукуловым Воскресенье, 20 сентября 2020 г.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости