www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мусуркул Калыбеков деген акылдуу Раимбек Матраимовго кайрылуу жасап, аттын башындай болуп калган арманын, өрттөнүп кетейин деп быкшып араң турган ич күптүсүн айтып алыптыр. Анын жазгандарын окуп алышып:

"Катырып жазыптыр, жайлаптыр, туура кылыптыр" дешип курсант болуп, калпагын асманга ыргыткандар чыгышат чекеден, бул турган кеп. Бул серепчинин айтып жатканын туура десек, анда: Раимбек Матраимов Кыргызстанга чоң коркунуч жараткан бөкөчө, кыргыз элине кыямат алып келе жаткан жаналгыч деп эсептесек да болот экен. Эгер эле Раимдин партиясы деп аталган Мекеним Кыргызстан парламентке өтүп калса, анда эле жашообуз токтоп, же болбосо согуш чыгып кете тургандай көбүртүп сүйлөптүр. Серепчи десе эле, эки кулагыбызды делдейтип, дүйнөдө алардан өткөн акылдуу адамдар жоктой элестетип алабыз. Ал эми бул серепчиге айта турган сөз башка:

"Урматтуу" серепчи Мусуркул Калыбеков, сен Кыргызстанга башка өлкөдөн бүгүн көчүп келдиңби, же айдан түшө калдыңбы? Сендей серепчи бар экенин биринчи угушум. Мейли кеп анда эмес дечи, бирок сен серепчи болуп Атамбаевдин убагында кайда элең? Өлкөгө, кыргыз элине өтө чоң коркунучту Атамбаев баш болгон коррурционерлер алып келбеди беле? Атамбаев дагы эки жыл өлкө башкарып калса, биз Кыргызстаныбызды жоготуп кое турган акыбалга келип калдык эле го. Кытайга кул болуп калыш босогосунда турганда, сен: "Алмаз Шаршенович" деп акылдуу болуп кайрылуу жасап неге чыкпадың? Атамбаев өлкөдө кадр маселесин боткосун чыгарып салып: шофер, телехранительдерин бийликке койгондо, сен уктап жаткан белең? Атамбаев президент башы менен Абдукадыр Хабибулло, Сайимаити, Пархати деген мощенниктер менен мамиле түзүп, Кыргызстандын аброюн плинтуска түшүргөндө, сен башка планетада жүргөнсүңбү? Канкор Батукаевди сый урмат менен узатып, кыргыз элинин улуттук намысын жер менен жексен кылганда, сен эсиң ооп комдо жатат белең? Атамбаев көрсөтүп туруп ТЭЦ, музей, Датка Кеминдерди уурдап, кыргыздын мойнуна очойтуп карыз илген убакта, эс акылыңдан ажырап жиндиканада жаттың беле? Атамбаев Кыргызстандын тарыхындагы эң шерменде парламент, тоесть чимкирик парламентти түзгөндө, сен өлүп тозокто белең? Атамбаевдин ушунча кылмыштарына, өлкөгө кылган чыккынчылыгына чыдаган кыргыз эли, Раимбек Матраимовдун партиясы деп аталган Мекеним Кыргызстан партиясы парламентке келсе кырылып калабы? Мекеним Кыргызстан эмне үчүн шайлоодон өзүн алып коюш керек? Сен каалаган СДПК, Реформа деген бузуку партиялар парламентке барыш үчүнбү? Өзүң деле айтып жатпайсыңбы: "сени эл жакшы адам дешет" деп. Раим жакшы адам болсо, жаман адамдардан партия түзмөк беле? Тем более Мекеним Кыргызстанда эл сыйлаган адамдар көп экенин көрүп, билип эле турабыз. "Элге болор болбос сөөк ыргытып алдаба" деп, кайсыл бетиң менен айтып жатасың? Болор болбос сөөктү былтыр хан сарайда Атамбаев силерге ыргыткан. Эки ай кажып жаттыңар эле го. Ошондо эмне айткан эмессиң: "Алмаз Шаршенович, жугунду куюп элди алдаба, террористик кылба, түштүк, түндүк кылып элди бөлбө" деп.

Эгер билсең, Раимбек Матраимов өз күчү менен "Исмаил Ата" фондун түзүп, чет жактардан акча таап, 20 жыл убакыттан бери кайрымдуүлук иштер менен алек болуп келет. Колунда жокторго, оорукчан адамдарга жардамын аябайт. Кара Суу районунда 14 спорт комплекс куруп, жаштардын келечегин ойлоп жүрөт. Коронавирус убагындагы Матраимовдордун кылган иштерин эч ким кыла албаган, кыла да албайт. Ушунча жакшы иштерди кылып келген Раимдин түзгөн партиясы парламентке барып калса эле жаманга айланып калабы?
Керек болсо, Раим өкмөт болуп иштесе да жараша турган жигит экенин коронавирус учурунда далилдеп койду. Сенин эмне үчүн ичиң күйүп, куйругун жулуп кое берген тооктой тыпырчылап жатканыңды билбейт деп ойлойсуңбу? Сени трайбалистик бузукулук мүнөзүң сүйлөтүп жатат. Акаевдин убагында он беш жыл былк этпей жаткансыңар, өлкө өлөмсө байкуш болуп калганда да. Андан соң Бакиев келип, ачык эле өлкөнү өнүгүү жолуна салып койсо, азыркыдай болуп көрө албаган туталагыңар тутуп, акыры кууп тындыңар. Кыргыз элинин ырысын дайыма сен окшогон бир ууч трайбалистер кыйып келесиңер. Атамбаевдин акмак башкаруусунда былк этпей, алты жыл дагы дымып калдыңар, өлкө өтө чоң коркунучтун үстүндө турса да. Мына эми Жээнбековго атака кылып жатасыңар, үч жылдан бери. Жээнбековдон айта турган эч күнөө таба албай: "керегем сага айтам, келиним сен ук, уугум сага айтам, уүлум сен ук" дегендей, тапканыңар Матраимовдор болуп калды. Раимди шылтоо кылып бийликке сес көрсөтүп жатасыңар, сен бузакылар. Сөзүңөр болсо, түз эле президенттин өзүнө айткыла, Раимдей элдин уулун жаманаты кылып өзүңөрдүн арам максатыңарга колдонбостон.

Ачык эле айтып коеюн: түштүктөн чыккан түзүктү көрө албаган бузуксуңар силер. Бул ит адатыңар өлгөндө өзүңөр менен кетет экен. Мен дал ошондой ойдо калдым. Эгер эле Раим Матраимов Чүйдүн кулуну болуп калганда, азыр силер баарыңар топтолуп: Раимдин эшигин шыпырып, жакасына жабышкан чаңды үйлөп, жата калып этегине намаз окуп, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай коргоп, колдоп алат элеңер, себеби ал силерден чыккан бай болот эле да. Мусуркул, мусорду аябай эле чукупсуң, бирок мусор чукуп жатып өзүңдүн ким экениңди көрсөтүп коюпсуң. Сен деле түштүк элин жаман көргөн трайбалист экенсиң. Раимге насаат айтпай, өзүңдү күзгүдөн бир карап ал. Бирөөгө акыл айткыдай, өзүңдө акыл ашып-ташып кетпептир. Мен сендей серепчи болбосом да, сенин ичиңеги ирип жаткан сасыткыны сөздөрүңдөн байкап эле турам.

Мусуркул Калыбеков деген акылдуу Раимбек Матраимовго кайрылуу жасап, аттын башындай болуп калган арманын, өрттөнүп...

Опубликовано Шамурзой Борукуловым Суббота, 19 сентября 2020 г.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости