www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-11-класстарда окуган Кыргыз өлкөсүндөгү окуучулар жыл сайын өтүүчү "Phystech International" олимпиадасына катышууга чакырылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, аталган олимпиада Орусия Федерациясынын сыртындагы чет өлкөлүк абитуриенттер үчүн өткөрүлөт. Каалоочулар олимпиадага дароо эки же үч предметтен (математика, физика жана биология) катышса болот.

Олимпиада эки этапта өтөт - онлайн жана финал. Финалдык этап бир убакта бир канча өлкөдө онлайн форматта өтөт.

"Олимпиаданын максаты – окуучулардын профилдик дисциплиналарды терең үйрөнүүгө жана Орусияда жогорку билим алууга кызыгуусун арттыруу.

Призерлор жана жеңүүчүлөр индивидуалдык упайларга ээ болушат. Ал упайлар Орусия Федерациясынын Москва физика-математикалык институтуна тапшырууда жана Орусия өкмөтүнүн квотасынын алкагында мамлекеттик каржылоо алууда эске алынат.

Олимпиада Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин иштери, чет өлкөдө жашаган мекендештер, эл аралык гуманитрадык кызматташтык боюнча Федералдык агенттик жана Москва физикалык-техникалык институту тарабынан уюштурулат.", - деп жазылат маалыматта.

Олимпиадага катышуу үчүн окуучулар https://phystech.international сайтында каттоодон өтүп, 29-ноябрына чейин тандоо этабынан өтүшү керек. Финалдык этап 2020-жылдын 5-6-декабрында өтөт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости