www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Беларуста 1000ге чукул киши кармалды

Минск жана Беларустун башка шаарларында милиция Александр Лукашенконун режимине каршы жана Роман Бондаренкону эскерүү үчүн өткөн нааразылык акциясында 900дөн ашуун кишини кармады. Бул тууралуу “Весна” укук коргоо уюму билдирди.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катаал мамилесинен жабыр тарткандар да бар.

Кармалгандардын арасында 15тен кем эмес журналист бар. Орусиялык “Время” басылмасынын директору, 76 жаштагы Борис Пастернак да кармалды.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Минск шаарынын Пушкинская метро бекетине жакын чогулган бир нече миңдей кишини таркатуу үчүн көздөн жаш агызчу газ жана башка атайын каражаттарды колдонуп, шаарда жүрүш өткөрүүгө уруксат берген жок.

Бул арада акциянын катышуучулары күч органдарынын токмогунан каза тапкан болушу ыктымал делген Роман Бондаренконун урматына ачылган элдик мемориалдын жанында да топтолушкан.

Көп өтпөй милиция аларды кууп таратып, бир нечесин кармап, мемориалды талкалады.

Бондаренкону эскерүүгө арналган акциялар Гродно, Гомель, Могилёв, Брест шаарларында да өттү. Баардык жерде аларга милиция кызматкерлери жолтоо болду.

Жекшембиге караган түнү “коомдук тартипти одоно түрдө бузуу аракеттерин уюштуруу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Журналист Екатерина Андреева шектүүлөрдүн бири экенин билдирди.

11-ноябрда беткап тагынган жөнөкөй кийимчен адамдар шаардын короолорунун биринде оппозициянын символу болгон ак-кызыл ленталарды алып жатканда Роман Бондаренко барып, эмне болуп жатканына кызыккан. Аны ошол жактан кармап кетишкен. Кийин ал токмоктон оор жараат алып ооруканага түшкөн, бирок өзүнө келбей жан берген.

Беларуста соңку президенттик шайлоо 9-августта өткөн жана анда Александр Лукашенко жеңүүчү деп табылган. Бирок миңдеген адам добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болуп, кайра жаңы шайлоо өткөрүлүшүн, Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылып нааразылык акцияларга чыгып жатат. Анда күч органдарынын демонстранттарга карата зордук-зомбулугу боюнча доомат-сын күчөдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости