www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гульнара-Клара Самат Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Гульнара-Клара Саматтын өмүр баяны:
Ал 1963-жылдын 20-августунда Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында төрөлгөн.
“Конфликтология: саясий процесстер жана технология” адистиги боюнча жогорку билимдин ээси.
Эмгек жолу 1986-жылы башталган.
Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде эмгектенген.
Ошондой эле КМШнын экономикалык кеңешинин консультанты, Абхазиядагы конфликтини жөнгө салуу боюнча КМШнын жумушчу тобун жетектеген.
2006-жылы президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы болуп дайындалган.
2006-2007 — президенттин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун жетекчиси;
2008-жылга чейин Кыргызстандын Боршайкомунун төрайымы болгон.
Ал өзүнүн аты жөнүн 2015-жылы Гүлнара-Клара Самат деп өзгөртүп алган.
2018-жылдын 15-майында БШК аны “Ата Мекен” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты катары каттоодон өткөргөн.
Булак: NazarNews.kg