www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көпчүлүк жаштар чет элде билим алгысы келет. "Чет элде эмне үчүн окугуӊуз келет" - деген суроого көпчүлүк жаштар: биринчиден, чет-тилин үйрөнү, анан сапаттуу билим алып, жакшы маяналуу жумушка орношуу - дейт. Ал эми мен сиздерге Түркия тууралуу айтып берейин. Түркияда билим сапаты кандай студенттер үчүн кандай шарттар түзүлгөн. Чындыгында салыштыруудан артыкчылык менен кемчилик жакшы байкалат. Андыктан Кыргызстандын билим жана илим тагдырын ойлогон студент Калыйнур Калмурза уулунун 2015-жылы жазылган ой толгоосун окурмандарга сунуштайбыз.

Учурда Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин 4-курсунда окуп жатам. Азыр «Мевлана» студент алмашуу программасы аркылуу бир семестрлик мөөнөт менен 4 айга Турцияга келип, Сакария университетинде тажрыйба алмашып жатабыз. Билимге болгон алгачкы кадамым Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылынан башталган. Мектептин босогосун аттаганда эле "3" алгам. Бирок, 9-классты артыкчылык менен аяктап 11-классты №89 лицейден бүтүрдүм.

Чындыгында «Мевлана» студент алмашуу программасына өтүү оор эмес. Болгону GPA де көрсөтүлгөн балың 80% дан жогору болуш керек. Менде башка студенттерден айырмаланган деле артыкчылык жок болчу. Түрк жана англис тилдерин билгендигим бул программанын стипендиянты болууга жол ачты. Айына 820 лира (15-16 мин сом) стипендия берилет. Баскан турганыбызга, батирге, тамак ашка барына жетет. Ага катар студенттер үчүн коомдук кызматтарда мамлекет тарабынан бир топ женилдиктер каралган.

https://static.tildacdn.com/tild6634-3630-4461-a534-643833383637/FtZFhO4l27U.jpg

Калыйнур Калмурза

Кампустагы жашоо

Сакария университетин өзүнчө «студенттердин мекени» десек болчудай. Себеби, мында 94 миң студент окуйт. Кампуста студентер үчүн дүкөндөр, көңүл ачуучу жайлар, кафетерия, бильярд, теннис, банк, чач тарач, стадион, парк, бийик кабатту китепкана, намазкана, мечит бары жайгашкан. Ичинде интернет, шайтан араба, автобус кызматтары бекер. Кампус көлдүн жанындагы чоң дөбөдө жайгашкандыгы менен өзгөчөлү. Документерди кабылдоочу кабылдамалардан же жөн эле көчөдөн түрк элинин мейман достугуна ыраазы болосуң. Биз чындыгында чет элдиктерге суз мамиле жасаганыбызды түшүндүм. Мындагы документтердин тездик менен бүткөнү да ичиңди жылытат.

Жалпы жаштардын билимге болгон дилгирлиги биздегидей эле, ажырымдуу өзгөчөлүк деле байкалбайт. Аракет кылганы бар, эптеп диплом алсак болду деген камырабастык менен жүргөндөрү да бар. Экзаменди өз күчү менен тапшырат, болбосо кийинки курска көчпөй калат. Экзаменден көчпөй жүрүп айрым студенттердин жашы 30га чукулдап калганын көрдүм. Бир чети бул да жакшы. Эч нерсени түшүнбөй диплом алгандан көрө, кеч болсо да бир нерсени окуп түшүнүп алган артык эмеспи. Ал эми коррупция деген түшүнүк жокко эсе.

«Биздин студенттер бул жагынан үлгү алсын»

Биздеги билим тармагынын начарлашына студенттердин көчүрүп жазуу адаты кедергесин тийгизип жатат. Биздин студенттер тарынбасын, бул жакта интернеттен көчүрүп жазуу же шпаргалка колдону чалгынчылыгы таптакыр жокко эсе. Модулду түркчө "виза" деп коюшат экен. Мына ошол визага бир жума калганда биздин ЦУМга окшогон 4 кабаттуу китепканадан олтурганга орун таппай калдым. Күн-түн дебей 24 саат боюу студентер ошол жерде уктабай модулга бары тегиз даярданып жатышты. Таӊга жуук көпчүлүгү олтурган жеринде уктап жатышты. Китепканада уктоо бул да болсун билимге умтулгандан кабар берет. Модул бүткөндөн кийин бир жума сабака келбей койчу салтка айланган адаттары бар экен. Себебин сурасам, модул берип чарчашты - дейт группалашым. Сабака 5 же 6 эле студент катышып жаттык. Ошол саналуу студенттер үчүн да мугалим лекциясын адаттагыдай эле өтүп жатты.

«Мугалимдер ишине абдан жооптуу»

Мындагы студенттер эрке десек болчудай. Студенттер өзүн абдан эркин алып жүрүшөт. Мугалим студенттерге карата дистанцияны абдан этияттык менен сактап, жумшак мамиле жасайт. Мугалимдик абдан жооптуу кесип, ошого жараша маяналары да жогору, орточо эсеп менен бир айда 700-800 доллар алышат. ЖОЖ дордо биздегидей жаш мугалимдерди кезиктирүү чанда. Лекция учурунда студенттер өтө эле эркин же эрке десек да болчудай. Айрым катуу кармаган профессорлорду кошпогондо. Булар өз укуктарын жакшы билет. Өз укугун эмес ыйман укугун бала кезинен жакшы үйрөткөн. Бирөөнүн акысына кирүүдөн абдан сактанышат. Чөнтөк телефонуң кайсыл жерде калса эртеси ошол жерден табууга деле болчудай. Бирөөнүн буюмуна бирөө эч качан тийбейт.

«Биздикиндей шылтоолор буларга жарашпайт»

Студенттер үчүн Туркия бардык шарттарды түзүп койгон, кемчиликдиктер жокко эсе. Мындагы студенттер бир гана окуш керек. Биздикиндей шылтоолор буларга жарашпайт. Мисалы, «акчадан кыйналып жатам» же «иштеп жатам» - деген сөздөр. Бир студент 12 лиралык тамакты 2 лирага алат (1лира- 24сом) калган 10 лирасын мамлекет төлөп берет. Бирок, бул университеттин ичинде гана. Жол акы, коомдук транспорттордо 1.75 лира болсо студенттик билет менен 1 лира. Виза сыяктуу студенттик билетке акча салып койуп жогорудагыдай жеӊилдиктерди колдоно аласыӊ.

"Илимий базасында Кыргызстан тууралуу чыныгы фактылар буларда бар"

Интернет оорусуна булар да чалдыккан. Бирок, туруктуу китеп окуу калыптанган. Жаштары китепти көп окушат. Биздин улуу жазуучубуз Ч.Айтматовду өздөрүнүн жазуучусундай жакшы көрүшөт. Анын чыгармалары түрк тилинде кеӊири тараган. Анан адабият сабагында "Манас" окутулганы сүйүндүрдү. Бизде котормочулук аксап жатканын байкадым. Буларда бардык китепти түрк тилинде тапса болот.

Маалымат катары айта кетиш керек бүгүнкү күндө статистикага таянсак Кыргызстанда 19 млн. китеп болсо анын 18 гана пайызы кыргыз тилинде. Улуттук китепканада 6 млн. китеп болсо анын 6%ы гана кыргыз тилинде. Дүйнөлүк айрым мыкты чыгармаларды кыргыз тилинде табуу бизде мүмкүн эмес. Ага катар китептин кымбаттыгы студенттин эмес жумушчунун деле чөнтөгүнө чарк келбейт.

Бул жакта 4 жылдан бери окуп жүргөн кыргыз жаштарынын айтымында университеттин илимий базасында Кыргызстандын экономикасы, саясаты, коомдук социялдык абалы тууралуу маалыматтар сакталуу. Илимий базадан Кыргызстан тууралу чыныгы фактыларды булардан тапса болот - дейт билим алып жаткан кыргыз студент.

"Биз түркпүз" - деп сыймыктануу менен айтып беришет

Мындагы жаштар да Америкада, Англияда же Германияда окуугусу келет. Орус, англис, араб тилдеринде да сүйлөгүсү келет. Бирок, түрк тилин абдан барктап, биз түркпүз деп сыймыктануу менен айтып беришет. Азыр бизге да кыргыз деген идеология керек окшойт. Кайсыл өлкөдөн келбесин ар бир студент түрк тилин үйрөнүп кетет. Түркия дүйнөнүн булуӊ бурчунан окууга жөндөмдүү студенттерди тандап, бекер окутат мунун максаты да түрк дүйнөсүн жайылтуу болсо керек.

ЖОЖ дордун келишим баасы

4 жыл башталгыч класс, 4 жыл орто билим 4 жыл лицей жалпысынан университетке чейин 12 жыл окушат. Университетке өтүш үчүн абитуриент 2 этаптан турган мамлекеттик сынак тапшырат. Жогорку балдарды алган абитуриенттерди барктуу университеттер окууга алат. Ар бир университеттин студенттерди кабыл алууда жеке ченемдүү балы бар, биздегидей. Мамлекеттик ЖОЖ дор күндүзгү жана кечки кезек менен окутушат. Күндүзгү кезекте окугандар акча төлөшпөйт. Кечки кезекте окуугандар 1 жылга 200 доллардан 400 долларга чейин акча төлөшөт. Ал эми жеке менчик ЖОЖ дордо 1 жылдык келишимдик баа 3 000 миӊ доллардан 15 миӊ долларга чейин.

Жатакана жагдайы

Мен жеке менчик жатаканада жашап жатам. Айына 300 лира төлөйм айрым жатаканаларга 400-500 лирага чейин төлөшөт. Мамлекеттик жатаканалардын шарты биздин мейманканалардан ашса ашат кем эмес. Мындагы мамлекеттик жатаканаларга да баш бактык. Биздин беделдүү айрым мейманканалардай люстра же кымбат эмеректерди кезиктирүүгө болот. Бир студент 1 айга мындай жатаканага 70 доллар берет. Анын ичинде 2 маал тамагы бар. Бөлмөлөрдү тазалап кир жууган кызматкерлер да бар. Спорт залы, китепканасы, сыналгы көрүүчү бөлмөлөрү таза жана ыӊгайлуу. Мындай шарт ар бир жатаканада түзүлгөн. Атайын студенттерге арналган бир топ жеке менчик жатаканалар курулган. Бизде да көп кабаттуу үй кургандай эле студенттер үчүн жатаканаларды курсак жакшы болчудай. Ар жылы батирлеп көчүп жүргөн студенттер миӊдеп саналат. Студенттер батирлебей туруктуу жатаканада жашаса, ошондой жатакананы мамлекет курса, өлкөгө да студентке да пайда болбойт беле деп ойлоп койдук.

Өлкө биздин жаштардан окубай жатат деп талап коюуга такыр эле укугу жоктой

Тышка чыкканда өзүбүздөгү кемчилдиктерди көзгө сайгандай көрөт экенсиң. Болбосо жер шаарында бары эле ушинтип жашап жатат деп ойлойсуң. Бул жактагы шартты көрүп Кыргызстандын жалпы студенттерине ыраазы болдум. Ѳлкө биздин жаштардан окубай жатат деп талап коюуга такыр эле укугу жоктой. Себеби, студенттин сапаттуу билим алуусу үчүн биздин өлкө жетиштүү шарт түзүп бере алган эмес.

Бирок, бүгүнкү күндө кыргыз жаштары өнүккөн мамлекеттерди эмес өзүбүздүн төшөкө карап бут сунганыбыз туура деп ойлойм. Башкысы өлкөбүз өнүккүчө мамлекетке ар кандай жол менен салым кошуп, жүгүбүздү артпаш керек. Мамлекеттин келечегин көргүң келсе жаштарына кара дейт. Андыктан жалпы жаштарды сапаттуу билим алууга чакырам. Себеби биз эртеңки мамлекеттин ээсибиз, дейт Калыйнур Калмырза уулунун баракчасындагы ой толгоосунда.  

Эми окуда үшкүр же кыялдангыла...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости