www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент менен өкмөт башчысынын пикири эки башка болгону биздин мамлекетте эле болсо керек. Бул темир жол курулуп калса Кытайдан Европага поюздар бажактап каттап калат,ортодо Кыргызстандын бюджетине 2 млрд түшүп турат. Эгер Кытайдын стандартындагы темир жолдон биздин стандаттагы темир жолго жүктү оодарыш үчүн станция Кыргызстанга курулса эл жумуш менен камсыз болот. Кытай океанды айланып же Орусия, Казакстан аркылуу жүгүн ташыбай   аралык абдан кыскарат. Өзбекстан Борбор Азияда Казакстан менен лидерликти талашып келатат, бул жол курулса Өзбекстан чечүүчү ролду аткарып калат. Кыргызстанга пайдасы  аймагы аркылуу темир жол курулат, балким Түндүк-Түштүк темир жолу салынып ошол аркылуу байланышып калат. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну  колдогондор Өзбекстан президенти Мирзияев, Кытай лидери Си Цзиньпин жана Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков жана башкалар. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна № 1 каршы чыккан адамды өкмөт башчысы Абылгазиев кеңешчи кылып алды. Абылгазиев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна каршы окшойт. Эмне анда президент экөөнүн пикири каршы болуп калабы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости