www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттер Жээнбеков, Атамбаев, Бакиев, Акаев, биринчи секретарлар Масалиев, Усубалиев, Раззаковдор калың элдин катмарынан чыгышкан. Ал эми Айтбаевдер өздөрүн ак сөөк сезишип, балдарын эл менен ойноттурган эмес? Алардын тарбиясында эшке чыгып булганыч, сасыган көчөдөгү балдар менен ойноо уят болгон. Айтбаевдерге ак сөөк атка минерлердин балдары менен гана “интеллигенттүү” ойношуп, “ таптаза” жүрүш керек болгон. Деги Айтбаевдер деген ким? Совет учурунда Сыдыгалы Айтбаев Нарын облисполкомун жетектеп Турдакун Усубалиевдин Москвада окушуна жана бийликтен тез көтөрүлүшүнө жардам берген. Усубалиев ЦКга биринчи болуп келген соң Айтбаевдин балдары май-талкандуу кызматтарды ээлеп, Таштемир Айтбаев Кыргыз комсомолунда биринчи, кийин компартиясынын секретары, ИИМ министри, УКМК жетекчиси болгон, калган инилери аким жана башка чоң кызматтарды иштешкен.

Бала деген бала ким менен болсо да ойноп, өсө бериш керек. Бүгүнкү күнү Айтбаев сыяктуу көчөдөгү балдар менен баласын ойнотпогон трайбалисттер көбөйдү. Азыр мындай “айтбаевчилер” балдарын карапайым элдин балдары менен ойноткусу келбейт. Биздин кошунабыз күйөөсү жок чүйлүк, кызы менен жашайт, мектептен келген соң  небересин дарбазадан сыртка чыгарбайт. Небереси таенеси жокто балдарга жалдырап, балдар менен тордон чыкпай ойнойт, таенеси келатканда канчалык ойногусу келип турса да балдар менен ойнобой тордун жанынан үйүнө кетет. Аттиң деп, Айтбаевдер эске түшөт алар го атка минерлердин балдары эл менен ойнобосо койсун, эл катары иштеп жүргөн буларга эмне жок?  

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости