www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз билгени Салымбеков канча президент менен иштешпеди. Эми да парламенттик шайлоонун босогосунда турабыз. “Эмгек” партиясы козголобу,козголсо ким менен жарышка чыгат? Же азык элинин дагы бир “азуулуусу”, Ош базар менен Кара-Кеченин көмүрүнөн төө көтөрө алгыс дүнүйө жыйнап, автобуска эл менен кошо түшкөн депутаттарга боору ооруган үкасы ак шейшеп жамынып, “арбак” болуп чыга калбайбы деп чоочуйбу? Салымбеков “Дордойу” менен жүз миңдеген кыргыздарды дордойткон. Бирок, Бажы Биримдигинине кирүү менен ал жерде жаңы бүрдөп келаткан Нуркенттеги “Хоргос” базары менен ар дайым анын артынан аңдып жүрчү атбашылык үкасы чоочутуп жатып, жүрөгүнүн үшүн алып койду. 2015-жылы парламенттик шайлоого Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстаны” менен аттанып, бүтүн болбой эле бөтөн болуп чыкты. Быйыл кыргыз футболу Азиялык чемпионатта бир топ эрдигин көрсөттү, төшүнө орден тагынган Аскар агабыз магдырап турган кербези. Арийне, аны бардык президенттер магдыратып туруп, “Дордойун” талашчу эле, эми эмне болор экен?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости