www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жылымтык” осурак сасык болот, жылымтык Жылкыбаев жылып Атамбаевге, жылып Жээнбековго кирип жүрүп Ошто ордун бекемдеп алды. “Жылкыга карап ышкырып, акчага карап иш кылган” Жылкыбаев Бостерини боздотуп, “бүргөнүн майын сызгырып, кумурсканын ичегисин артып жүрүп” элдин байлыгын топтоп алган. Байлык болгон соң бийликке жулунуп Эмилбек Каптагаевди капталынан мыкчып түшүп Ысык-Көлгө губернатор болгон, машинасын жөн айдай албаган Жылкыбаев ГАИлерге кор болуп жүрүп Атамбаевдин убагында акактай баштаганда, кийинки президент келип Ошко губернатор кылган. Ошко Үсөн Сыдыков, Сооронбай Жээнбеков сыяктуу бийликтин кулагын чойгон жигиттери түгөнүп калгансып дайыма түндүктүн жигиттерин алып баруу модасы бар. Илгери Султан Ибраимов, Амангелди Муралиевдер түзүк иштешсе керек, бирок Жаныш Рустенбеков, Бекболот Талгарбеков, Узарбек Жылкыбаев сыяктуу акча дегенде чалкасынан жата калып, капчыгын толтура тургандар Ош жакта деле табылса керек. Узарбек мырзанын учурунда экономика узарбай эле кыскарып баратат. Жылкы мүнөз Жылкыбаев акчага кенен тоюп “жыргап” баратат, ош эли акчанын айынан поюз менен туш-тарапка кетти.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости