www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Түркиядан 200 миллион маска талап кылды

Кытайда күч алган жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынан кийин бул өлкөдө маскага болгон талап өстү. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Кытайлык жетекчилер акыркы 10 күндүн ичинде Түркиядагы медициналык компаниялардан 200 миллион маска талап кылышты.

Коронавируска каршы чара көрүүнүн башында маска турат.

Маска өндүрүүдө дүйнөдө биринчилерден болгон Кытай, өлкөдө эпидемияга айланган вирустан кийин бул муктаждыкты ички рыноктон камсыздай албагандыктан чет өлкөгө багыт алды.

Маска өндүрүүдө Түркия экспорттоочу өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Түркияга кайрылгандардын башында болсо Кытай турат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости