www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда коронавирустун жаңы эпидемиясы катталды

Шейшемби күнү Кытайда COVID-19 инфекциясынын 109 жаңы учуру аныкталды, анын 93ү жергиликтүү. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматында айтылат.

Шаршемби күнү департаменттин расмий сайтында жарыяланган билдирүүгө ылайык, шейшемби күнү Кытайда 16 импорттук жана 93 жергиликтүү COVID-19 инфекциясы аныкталган. Жергиликтүү инфекциянын көбү Орусия менен чектеш Хэйлунцзян провинциясында (35 учур) аныкталган.

Дүйшөмбү күнү Кытайда COVID-19 инфекциясынын 71 учуру аныкталды, анын 54ү жергиликтүү.

Жалпысынан, пандемия башталгандан бери Кытайда 97 423 тастыкталган оору катталып, 4 636 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости