www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда электр кубаты бир шарт аткарылганда гана өчпөйт

Эгерде бардык облустар коюлган чектөөлөрдөн ашыра пайдаланбаса, Кыргызстанда кышында электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин башкаруучулугунун төрагасы Таалайбек Байгазиев маалымат жыйында айтты.

"Лимитти сактоо туурасында айтпасак да бүгүнкү күндө Кыргызстанда электр кубатын колдонуунун көрсөткүчү былтыркы жылдан ашып кетти. Үнөмдөө боюнча чакырыктын майнабы аз болууда, эл көп жагып, калк тараптан түшүнүү болбой жатат", — деди Байгазиев.

Ал электр кубатын Чүй облусу менен Бишкек шаарындагылар арбын колдонуп жатканын айтты.

"Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү — 11,9 миллиард куб метр. Эгерде бардык облустар, аймактар электр кубатын пайдалануу боюнча бекитип берилген лимиттен ашпаса, электр энергиясын маал-маалы менен өчүрбөй эле кыштан чыгып кетебиз", — деп белгилеген Байгазиев.

Ал энергетиктер күчүнүн баарын элди электр менен күнү-түнү камсыздоо үчүн жумшап жаткандыгын билдирген.

Октябрдын башында холдинг Кыргызстандын аймактары электр кубатын пайдалануу лимитин сактабай жатканы электр жабдууларынын ишине жана анын кышында элге үзгүлтүксүз берилишине таасир этиши мүмкүндүгүн айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости