www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Климат боюнча Глазго саммитинде дүйнө лидерлери көптөгөн убада кылды. Кыргыз президенти Садыр Жапаров дагы сөз сүйлөп, таштанды газдардын көлөмүн Кыргызстан 2030-жылга чейин 44 пайызга кыскартып, 2050-жылга карата толугу менен таза мамлекеттке айланат деп билдирди.
Бирок Кыргызстандагы эксперттер – өлкө көмүрсүз жашай албайт деп билдирүүдө. Алардын айтымында, Ош менен Бишкектеги эки ТЭЦти жоюп, Кара-Кечеде алардын ар биринен 3-4 эсе күчтүү көмүр менен иштеген станция куруу керек.
Күн менен шамал станциялары ага атаандаш боло албайт. Өлкөнүн ар бир дарыясына миниГЭСтерди курса дагы, алар баары биригип жылына 1 миллиард киловатт-саат кана энергия чыгара алат экен, ал болсо – азыркы Бишкек жылуулук борбору чыгаргандан да аз. Ошондуктан, бүткүл дүйнө көмүрдөн баш тартып атса, биз көмүрсүз жашай албайт экенбиз.
Булак: NazarNews.kg