www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жашыруун кызмат АКШнын президенти Джо Байденди Глазгодогу Климат боюнча саммитте метан чыгарууну азайтуу боюнча жаңы планды жарыялоого даярданып жаткан иш-чарадан «эвакуациялады». Бул тууралуу GlasgowLive билдирди.
Америкалык лидер жолугушуу бөлмөсүнө өтө көп адам чогулгандыктан коопсуздук максатында жыйындан четтетилди. Саммиттин уюштуруучулары иш-чараны кийинкиге калтырууга аргасыз болушкан.
Байденди убактылуу алмаштыруу үчүн сахнага АКШ президентинин климат боюнча атайын өкүлү Жон Керри чыкты. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында катышуучу өлкөлөр 2030-жылга чейин метан чыгарууну 30 пайызга кыскартууну макулдашты.
Белгилей кетсек, Эл аралык COP26 климаттык конференциясы Глазгодо 31-октябрда башталып, 12-ноябрда аяктайт. Катышуучулар глобалдык жылуулук көйгөйүн жана температуранын 1,5 градус Цельсийге чейин көтөрүлүшүн токтотууга жардам бере турган чараларды талкуулашууда.
Булак: NazarNews.kg