www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрында Орусиянын полиция кызматкерлеринин белгисиз жаранга карата күч колдонуп жаткандыгы тууралуу видео социалдык түйүндөрдө тараган.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришкендей, элчилик тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуя Москвада 2-ноябрда болгондугу аныкталды. Ошондой эле Орусиянын ИИМнин Москва шаарынын Хорошевский районунун милиция кызматкерлери тарабынан күч колдонулган 21 жаштагы Кыргызстандын жаранынын өздүгү такталды.
Элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота, Москва шаары боюнча Орусиянын ИИМнин башкы башкармалыгынын Ички коопсуздук башкармалыгына, ошондой эле Орусиянын Башкы тергөө башкармалыгына кайрылуу жолдоду.
Окуяны объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу максатында Орусиянын ИИМнин Москва шаарынын Хорошевский районундагы полиция кызматкерлеринин аракеттерине юридикалык баа берүү өтүнүчү айтылды.
Кыргызстандын жаранынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат.
Булак: NazarNews.kg