www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аркардын “белдиги” же Текебаевдин “үмүт кербенинен”

“Парламентке келчүбүз...” деген саясий партиялардын үгүт кербендери ар биринин дараметине, кадырына, капчыгына жараша “калдыр-кулдур” болуп атат... Текебаевдин “Ата Мекени” Баткенди аттап-буттап өтүп, Жалал-Абадга кирип келди. ӨЧтүн жолугушууларда сүйлөгөн сөзүн уксаңыз “шилекей агат”, тим эле. Робин Гуд менен Че Гевара биякта эле калат. Бирок...

Бирок “30 жылдан бери келатам” деп өзү айткандай Текебаев коомдун социалдык лифти үчүн ошол 30 жыл ичинде реалдуу эмне жасады? Муну деталдаштырсак өтө узун сөз.

Ошентип, бийликти оодарууга чейин бардырган өткөн жылдагы бүтпөй калган парламенттик шайлоо “рестраврацияланып”, саясий конфигурация да өзгөрүп, 28-ноябрда өткөнү турат.

2010-жылдагы өзгөргөн система “парламенттик башкаруу деген жаркыраган жашоого” кимдир бирөөлөр үчүн гана экенин, анын үзүрүн жалпы эл көрө албай, кагаз бетиндеги куру кыялды гана окуп калышканын баарыбыз сездик, Текебаевден башкасы.

Эгерде бул ӨТ айткан “реформа жасадык” дегенге келсек, макул, анысы адамзат генийлеринин эмгектерине таянылып даярдалганда да, аны ириде ишке адам ашырышы керек эле.

Муну 2010-жылдан кийинки парламент ушунчалык бийик статуска ээ болуп туруп ал даражаны элдин эмес, жеке кызыкчылыктарына пайдаланып, Ак үй акыры “Бизнес борборго” айланып деле калды. Парламенттик системадан жаралган “эл өкүртөөрлөрүн” эл көрөлү деген көздөрү жок калды.

Ошол системаны жаратуучусунун “атасы” делген Ө.Текебаев болсо дале моюн бербей, катып алган “Баш мыйзамын” азыр да мактап жүрөт.

“2010-жылдагы биз киргизген Конституция карапайым адамдарды төргө өткөргөн” деп бүгүн эле Ала-Букадан балп эткирди.

А негизи, Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери эки революция чыгып, акыркысында Убактылуу бийликтин “Конститутциялык реформага баруу керек, ошентсек жамы-журт жыргайт” дегенине ишенген эл.

Натыйжада болсо “анархиялык мүнөздөгү коррупцияланган” Кыргызстанда Евро-Американын моделдерине таянылган система жемишин бербээрин убакыт тастыктап жатат...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости