www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ бийлиги Кыргызстанды COVID-19 илдетин жугузуу коркунучу төмөн мамлекеттердин тизмесине киргизди. Маалыматты Саламаттык сактоо сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору өзүнүн расмий сайтына чыгарды.

Дүйшөмбү күндөгү жаңыланган көрсөтмөдө бир катар өлкөлөрдө оору жугузуу коркунучу төмөндөгөнү аныкталып, саякатчыларга коюлган чектөөлөр жеңилдеген. Жаңыланган тизмеге ылайык, 30дай мамлекет, анын ичинде Кыргызстан бир кыйла жагымдуу туристтик рейтингге ээ болушту.

Кыргызстанда чектөөнүн деңгээли жогоркудан биринчи даражага түштү. Башкача айтканда, мурда Кыргызстанга келүүгө таптакыр тыюу салынса, эми эмделген соң өлкөгө саякаттоого жол ачылды.

Кошуна Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан оору жугуу коркунучу белгисиз болгон мамлекеттердин тизмесинде калды. Борбор аталган өлкөлөргө барбай кое турууну сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости