www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШда 5-11 жаштагы балдарды COVID-19га каршы Pfizer-BioNtech вакцинасы менен эмдөөгө жол ачылды. Өлкөнүн Илдеттерди көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун директору 2-ноябрда балдарга сайыла турган дозаны жактырды. АКШ өкмөтү жана сөз болгон фармацевтикалык компания препаратты дарыканалар менен педиатрларга тарата башташты.
Шаршембиден тарта америкалык 28 миллиондой бала эмделе алат. Президент Джо Байден бул кадамды пандемияга каршы күрөштөгү "ири алга жылуу" деп сыпаттады.
Белгилей кетсек, буга чейин Кытай, Куба жана Бириккен Араб Эмираттары жаш балдарды коронавируска каршы эмдөөгө уруксат беришкен.
Pfizer-BioNtech клиникалык сыноого таянып, алардын вакцинасы 5-11 жаштагы балдар арасында 90,7% эффективдүүлүктү көргөзгөнүн билдирген.
Илдеттерди көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматына караганда, Кошмо Штаттарда коронавирусту 1,9 млн. жаш бала жугузуп алды, 94 бейтап оорудан көз жумду.
Булак: NazarNews.kg