www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өпкө оорусунун жаңы түрү өлкөгө кирип кетпеши үчүн кыргыз-кытай чек ара бекеттеринде медициналык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидемкөзөмөлдөө департаментинин эпидемиологиялык башкармалыгынын башчысы жергиликтүү агенттиктердин бирине билдирди.
Анын айтымына караганда, жаңы оорунун кайдан келип чыкканы азырынча белгисиз. Ошондой эле бул вирустун адамдан адамга жуккан фактысы каттала элек.
Жороев Кытай менен чектешкен Торугарт жана Эркечтам көзөмөл өткөрүү бекеттеринде жана "Манас" аэропортунда көзөмөл күчөтүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле кыргызстандык медиктер тепловизорлорду колдонуп жатканын кошумчалады.
"Эгер оорунун биринчи белгилери байкалса, мисалы, адамдын дене табы көтөрүлүп турган болсо тепловизор бейтапты заматта аныктайт. Эгер оорулуу адам табылса сөзсүз дарыланууга жөнөтүлөт. Бүгүнкү күндө мындай бейтаптар аныктала элек", — деди ал.
Ал ошондой эле санитардык көзөмөлдөн Кыргызстандын да, Кытайдын да жарандары өткөрүлүп жатканын белгиледи.
Эске салсак, Кытайда жаңы оору чыккан. Мындай вирус 2002-жылы пайда болуп, 1 жыл аралыгында эле 813 кишинин өмүрүн алган. Бул вирус кайрадан күч алып жатканы маалымдалган.
Аталган оору 2019-жылдын декабрь айынын соңунда Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. 3-январда мындай 44 учур катталып, 11 адам оор акыбалда болгон. Оорулуулар менен жакын жүргөн 160тан ашык адам көзөмөлгө алынган.
Мындан тышкары, Гонконгдо Ухань шаарында болушканын айткан 6 киши ооруканага келип түшкөн, 59 киши ооруп, алардын алтоосу оор абалда экендиги айтылган. Илдетти алып жүргөндөрдүн бир нечеси Сингапурда дарыланмакчы. Гонконг менен Сингапурдун аба майданына санитардык көзөмөл киргизилип, дене табы көтөрүлгөн Ухань жүргүнчүлөрү карантинге алынган. Гонконгдо 16 саякатчы илдетке кабылган.
Булак: NazarNews.kg