www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамсыз берилип кеткен парктын жерлери мамлекетке кайрадан кайтарылат. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кечээ, 10-январда  Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүнө курулчу парк аймагына барган учурунда билдирди.

"Бишкектин жашыл шаар деген атагын кайтаруу, экологиясын жакшыртуу максатында  мыйзамсыз алынып кеткен  жерлерди кайра калаанын менчигине кайтаруу улантылат. Шаарларды жашылдандыруу жана экологиялык абалды жакшыртуу боюнча бирдиктүү саясат бүтүндөй өлкө боюнча ишке ашырылат", — деп билдирди өлкө башчы.  

Муну менен катар акыркы убакта борбор калаанын сегиз паркы жана сейил багы реконструцияланганын, 2020-жылы Бишкекте жалпы аянты 55 гектар болгон алты жаңы парктын курулушу пландалып жатканын кошумчалады. Ал эми соңку эки жылда 6,5 гектар жер Бишкектин менчигине кайтарылып, парк курууга берилген.

Мындан тышкары, Достук паркынын жанына жалпы аянты 10,22 гектар болгон дагы бир жаңы парк курулаарын айтып, парктын атын "Балалык" эс алуу паркы деп атоону сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости