www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан бир-эки күн мурда Талас облусунунун Көк-Ой айылында айылдыктар бактын башынан жарадар илбирсти алып түшкөндүгү бүтүндөй республикага дүң болду.  Кийинчерээк ал Бишкекке алып келинип, адистер рентгендин жардамы менен анын баш жагынан 70ге чукул бытыратма окту аныкташкан. Андан сырткары, маңдай жагынан, көзүнөн, оозунан жана тилинен октун майда чачмалары дагы табылган. Илбирстин оң көзүнөн эки майда ок алып чыккандыгы белгилүү болду. Жалпысынан айбандын денесинен 16га чукул бытыратма ок алынды. Калган ок жаныбардын абалына таасир этпейт дешет дарыгерлер.

Эми буга чейинки бир окуяны эске салалы. Дал ушул илбирстин “байкелеринин” бири, кадимки эле Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков 2019-жылдын 15-сентябрында Бишкек шаарында өткөн кайрымдуулук марафонуна катышкан. Ал марафон “Илбирсти сактап калабыз” урааны алдында өткөн. Анда “сактап калабыз”, “барктап калабыз” деген сыяктуу далай сөздөр, далай убадалар берилген. Эми андан 3-4 ай өтпөй жатып, мына ушундай окуя болуп жатат.

Андыктан, спикер жалганчы атка конуп калууну каалабаса, дал ушул Таластагы илбирсти мынчалык мыкаачылык менен аткылаган кылмышкерлерди табууга укук коргоо органдарына көмөкчү болууга аракет кылышы керек. Себеби өзү бир кездерде “Илбирсти сактап калабыз”, - деп марафонго катышып, коомчулук алдында сөз берген...

Булак: NаzarNews.kg

Последние новости