www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы зыяратчылар үчүн кийим тигүүгө сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, арыздар үстүбүздөгү жылдын 27-январына чейин кабыл алынат. Сынак 30-январда муфтияттын имаратында саат 09:00дө өткөрүлөт.

Сынакка төмөнкүдөй талаптар коюлган:

  1. Убактылуу республикалык штабдын (УРШ) төрагасынын атына конкурска катышуу боюнча арыз;
  2. Конкурска катышуучу жактын иш кагаздарынын көчүрмөлөрү;
  3. Лицензиянын (патенттин) көчүрмөсү;
  4. Салык жана Соцфондго атайын төлөмдөр боюнча карызы жоктугун тастыктоочу документ;
  5. Конкурска катышуучу жактын тигүү ишканалар рыногундагы кеминде үч жылдык ишмердигин тастыктоочу каржы иш кагаздары;
  6. Реквизиттер;
  7. УРШнын мүчөлөрүнө ажылык сапарында кийүүчү жайкы кемселдин эркектер жана аялдар үчүн үлгүсүн конкурска көрсөтүү.

Эске сала кетсек, Сауд Аравия падышачылыгы быйыл кыргызстандыктардын ажыга баруусуна 6110 квота бөлүп берген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости