www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай эки миллиард адамды чапчып бараткан мамлекет. Алардан Орусияны мындай койолу, дүйнөнү титиретип турган АКШ жалтактап, үркүп турат. Азыркы тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин инисине турмушка чыгып вице-премьер министрди алган Алтынай Өмүрбекова кыргыз элинде турмуш ачылып-чачылып кеткенсип, жалпы элден жашырып Кытайга гумжардам бергенинин бети ачылып турат. Бул тууралуу ишенимдүү булактар билдирди.

Бир учурда кыргыздын белгилүү олигархы Аскар Салымбеков Кытайга 50 миң бет кап бере койгондо соцтармактын ичи ойкуп-толкуп кеткен. Мейли Салымбеков өз чөнтөгүнөн 50 миң бет кап берсин.

Ал эми бийликтин вице-премьери Алтынай Өмүрбекова «өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип» өз чөнтөгүнөн эмес, мамлекеттик казынадан, элдин жакырланып турганына карабастан, гумжардамдарды олчойто жөнөтүшү мамлекетке болгон чыккынычылык эмеспи?

https://tpc.googlesyndication.com/daca_images/simgad/587325320143785875

«Өлө албай жатып өлөң айтат» дегендей, өз элин бага албай жаткан Өмүрбекова 7 тоннага жакын вирустан коргонуучу жогорку сапаттагы беткаптар, антисептик жана дезинфекциялоочу каражаттарды гумжардамды Кытайга берип, Бээжиндин көңүлүн алгысы келгенби, же башына күн түшсө кайынагасы Руслан Казакбаев экөө Кытайга кире качалы дегенби айтор, мыйзамсыз мамлекеттик казынага кол салган?

Анча болду 2028-2029-жылга чейин Атамбаев алган карыздарды төлөп берип койсо жакшы болмок. Мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова кыргызда болгон сапаттуу медикаменттерди 7 тонна кылып Кытайга жөнөтүп жиберип, кыргыз элине коронавирус каптап киргенде биздин мамлекет илдетке кабылгандарга дарылай турган дары эмес бет кап жок, эки колун жайып отуруп берген.

Эгер элди ойлогон вице-премьер болгондо кокустан коронавирус бизге кирип калса эмне кылабыз деп, медикаменттерди “запаска” сактап турмак. Дарынын барын Кытайга берип коюп, коронавирус кирген мезгилде жада калса керектүү дары-дармек жок, ал эми дары-дармек алып келген компаниялар өздөрү байыш үчүн, дары-дармектердин баасын асмандатып көтөрүп жиберишип, караламан калк катуу түйшүк тартканын унута элекпиз. Мына биздин атка минерлердин бүгүнкү жүзү!

Эске сала кетсек, Кыргызстан Кытайга коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү максатында өткөн жылы  февраль айында гуманитардык жардам берген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кытайга болжол менен жети тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн. Жүктүн курамында антисептик жана дезинфекциялоочу каражаттар, ошондой эле жогорку сапаттагы беткаптар болгон. Белгилей кетсек, бул Кытай тараптын өтүнүчү болгон деп жазылган маалыматта.

Алтынай Өмүрбекова эмне себептен мамлекеттик казынага кол салды экен? УКМК менен ИИМ үн катаар.

Коронавирустан  жалпы дүйнөдө каза болгондордун саны 2 миллион 140 480ден ашты.  Бейтаптардын саны 100 миллионго чукулдап, тагы  99 миллион 839 000, айыккандардын саны 71  миллион 841 000 болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости