www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эстрада ырчысы Бактыгүл Бадыева акыркы күндөрү өзүнүн Instagram баракчасына суроо жараткан билдирүүлөрдү калтырууда. Күйөрмандары ырчынын мындай кадамынан кийин анын жашоосуна тынчызданып жатышат.

«Азыр менин дарегиме карата коркутуулар болуп жатат, мен эч кимден, эч качан коркпойм. Бир гана Алладан корком», «Эгер мага бир нерсе болсо сүрөттөгү адамдар күнөөлүү болот. Кийинчерээк сүрөтүн жарыялайм», «Көшөгөнү ачууга туура келди. Азырынча мен ал адамдардын сүрөтүн жакындарыма, курбуларыма жөнөтүп жатам. Эгер мага, кыздарыма, үй-бүлөмө бир нерсе болсо жакындарым күнөөлүүлөрдүн сүрөттөрүн жана менин катымды чыгарат» деп жазган ырчы акыркы постуна.

Коомчулукта мындай билдирүүлөрдөн кийин ар кандай божомолдор айтыла баштады. Бирок, ырчы айым бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости