www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала качуудан каза болгон Айзада Канатбекованын сөөгү Бишкектеги өлүкканада. Бул тууралуу маркум кыздын жакындары айрым маалымат булактарына билдирген. 

Кыздын жакындарынын айтымында аны ала качкан бала Алай районунан болот. Учурда анын сөөгү дагы өлүкканада. Бирок бала жактын туугандары эч кимиси келе элек.

"Кыздын сөөгүн бүгүн беребиз дешти. Экспертизалар дайындалып жаткан экен. Балыкчы шаарында кыздын апасы жана башка туугандары аны күтүп жатышат", - деп билдирет кыздын туугандары.

5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. Бүгүн, 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны алып качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости