www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы Бишкектен уурдалып, кийин киши колдуу болгон кыздын окуясы боюнча жаңы жагдайларды айтты.

Тергөөнүн жүрүшүндө күч органдары Honda Civic үлгүсүндөгү автоунаанын ээсин аныкташкан. Унаа ээси Н.К. аттуу Кара-Балта шаарынын тургуну машинаны К.Д. аттуу адамга ижарага бергенин билдирген. Ал эми К.Д. аттуу киши Honda Civic үлгүсүндөгү автоунаа менен анын Т.З. аттуу улуу агасы иштээрин айткан.

«Дал ошол автоунаа менен 36 жаштагы Т.З. аттуу адам тааныштары менен К.А. аттуу 27 жаштагы кызды ала качып белгисиз тарапка кетишкен», - деп жазылат билдирмеде.

Кызды ала качкан 5-апрель күнү милиция кызматкерлерине Honda Civic үлгүсүндөгү автоунаанын Ак-Өргө жаңы конушунан батыш тарапты көздөй багыт алгандыгы тууралуу маалымат түшкөнү айтылды. Буга байланыштуу Сосновка айылындагы постуна кошумча милиция коюлган.

Күбөлөрдүн милицияга берген маалыматы боюнча, 5-апрель күнү саат 19:00дөр чамасында апасы менен телефон аркылуу сүйлөшкөн Айзада «сарсанаа болбогула, үйгө барам» деп жооп берген. 6-апрелге караган түнү болжол менен 2:00дө кыздын апасы милиция кызматкерлерине чалып, кызы үйгө келбегенин кабарлаган. Кыздын телефону апасы менен сүйлөшкөндөн кийин эле өчүп калганы аныкталган.

«Т.З. аттуу адам 27 жаштагы К.А. аттуу кыз менен төрт айдан бери тааныш экени маалым болду. Ал автоунаа менен кызга келип жүргөн. Күбөлөрдүн айтымында, 36 жаштагы Т.З. тааныштарына өлтүрүлгөн кыз тууралуу көп айтып, ага үйлөнөрүн да билдирген», - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости