www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-апрелде Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы 27 жаштагы Айзаданы уурдоо жана өлтүрүү фактысына байланыштуу жаңы маалыматтарды билдирди.

5-апрелде Ш.Н. аттуу жаран Биринчи май РИИБге арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү болжол менен эртең мененки саат жети чамасында Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен 1994-жылы туулган кызды К.А.ны уурдап кетишкен. Кызды топ жигиттер күч менен 08 KG 933 AHR мамлекеттик номурлуу, кызыл түстөгү «Хонда Цивик» автоунаасына салып кетишкен.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 175-беренеси (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) менен катталган. Ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө тиешелүү көрсөтмөлөр жөнөтүлгөн.

Биринчи май РИИБдин криминалдык милиция кызматынын жана Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери унаа кимге таандык экенин аныкташты. Ээси — Н.К. Кара-Балта шаарынын тургуну. Ал милиция кызматкерлерине унааны К.Д. аттуу жаранга ижарага бергенин айткан. Ал эми К.Д. билдирген маалымат боюнча, агасы Т.З. таксист болуп жүргөн. Милиция кызматкерлери кызды досторунун жардамы менен уурдаган адам 1985-жылы туулган Т.З. экенин аныкташты.

5-апрелде укук коргоо органдарынын кызматкерлери автоунаанын кыймылы жөнүндө маалымат алышкан. Унаа Ак-Өргө конушунун батыш тарабы менен өтүп бара жатканын билишкен. Буга байланыштуу Сосновка айылындагы посттун жанында милициянын кошумча күчтөрү коюлган. Кылмышка шектүүлөрдү издөө иш-аракеттери Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бардык аймактарында милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Окуя болгон күнү болжол менен кечки саат жети чамасында уурдалган кыз апасы менен байланышкан. Ал апасына үйүнө кайтып барарын айткан. Бирок үйүнө барбай, 6-апрелде түнкү саат эки чамасында апасы милицияга кызы кайтып келбегенин билдирген. Апасы менен сүйлөшкөндөн кийин кыздын телефону дароо өчүрүлгөнү аныкталды.

Милициянын айтымында, кыз аны уурдаган жаран менен 4 айдан бери тааныш болчу. Күбөлөрдүн айтымында, Т.З. маркум кыз жөнүндө көп айтып, ага үйлөнүүнү пландап жүргөн.

«Уурдалган кыздын, ошондой эле шектүүлөрдүн жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иш-чаралары бир мүнөткө токтогон жок. Шектүүлөр менен тааныш болгон адамдардын даректери, ошондой эле алардын жайгашкан жери, жумуш орду жана башка байланыштар текшерилди», - деп айтылат билдирүүдө.

2 адамдын жансыз денеси 7-апрелде табылды. Түшкү саат 15:30 чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Арашан жана Чоң-Таш айылдарынын ортосундагы талаадагы унаадан кыз менен эркек кишинин жансыз денеси табылды деген билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге Аламүдүн РИИБдин тергөө-ыкчам тобу, ИИМдин ыкчам кызматкерлери, Чүй ОИИБдин жана Бишкек ШИИБдин жетекчилиги барган.

Талаадагы унаанын ичинен 1994-жылы туулган К.А. аттуу кыздын жана 1985-жылы туулган Т.З. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Алардын денесине кароо жүргүзгөн учурда кыз зомбулуктан улам каза болгону, ал эми эркек киши бычактан алган жаракаттан улам каза болгону аныкталган.

Жергиликтүү чабан бул унааны талаадан 5-6-апрель күндөрү көргөнүн, бирок унаа баткакка тыгылып калган деп ойлоп, анча маани бербегенин билдирди. 7-апрелде гана ал унаанын жанына барып, аялдын жана эркектин сөөгүн көргөн. Андан кийин дароо милицияга кабарлаган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, Т.З. кыз менен пикир келишпестиктен улам аны муунтуп өлтүрүп, андан кийин өз өмүрүнө кол салган. Учурда ар тараптуу тергөө иштери жүрүп жатат. Керектүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

7-апрель күнү кечинде каза болгон кызды уурдоого шектелгендердин бири — 1992-жылы туулган Р.А. камакка алынды. Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле, ыкчам топтун кызматкерлери шектелгендер тууралуу толук маалыматты аныкташты. Алар изделип жатат.

Ички иликтөө кызматы кыздын уурдалышы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзгөн милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттерин текшерет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости