www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө жакырчылык үстөмдүгү барган сайын күч алууда. Жумушсуздук. Карапайым калктын көпчүлүк катмары күнүмдүк тамак-ашын тапканга кайыл болуу иретинде жашап жатышат. Экономиканы көтөрүү идеясы, демилгеси жок өкмөт башчы Улукбек Марипов отурат. Болоор-болбос жеңил пиарлар менен күн кечирип. Ал коомчулукка презденттин жардамчысындай гана элес жаратууда... Дал ушундай оор шартта коронавирус күчөп баратат. Май-июнь айларында апааттын пикке чыгары болжонууда. Мындай шартта түшүнүксүз жагдай жаралды. Улукбек Марипов вакцина алып, элге үмүт берип, үлгү жараткандын ордуна тескери сүйлөдү: «Менин иммунитетим күчтүү, эмдөө албайм» деп. Ансыз да Кытайдын вакцинасынан шек санап жаткан көпчүлүк кооптонуп, учурда кызык абал түзүлдү.

Кыскасы, премьер-министр катары күнкарама, ишин жарыта албаган, пайдасыз аткаминер катары тааныла баштады. Мамлекеттик деңгээлде ойлоно албаган, жалтак, буйрукту гана аткарган бир сөлөкөткө айланууда. Мындай өкмөт башчы кимге кереги бар?

Таңгаласың. Күйөөгө тийчү кыздардан бетер жасанып-түзөнүп отура бербей, өз эрки менен кетип калбайбы? Сазга батып баратабыз...

Булак: Азия News гезити

Последние новости