www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына медицина кызматкерлери митингге чыгышты.
Дарыгерлер кызыл занода иштеген эмгек акысын эки айдан бери ала албай жаткандарын айтышып, убада кылган каражатты төлөп берүүнү талап кылышты.
Республикалык ооруканада медайым болуп иштеген Малика Токтобекованын айтымында жайында кызыл зонада иштегендери үчүн эмгек акысы убагында которулганы менен октябрь айында иштегендерге бүгүнкү күнгө чейин каражат бербей келишет.
«Октябрь айында кызыл зонага кирип иштегенбиз, ошонун эмгек акысын бүгүнкү күндө дагы деле ала албай жатабыз. Бүгүн түшөт, эртең түшөт деп жатып ушул болду. Бизге дагы каражат керек, мындан улам тынчтык митингине чыгууга аргасыз болдук.
Дагы айта кетчү нерсе, биздин айлык акыбыз өтө аз, 7 миң сомдой эле алабыз. Кызыл зонанын акчасын убада бергенден кийин чечип берип коюшса болот эле», - деп билдирди медайым.
Митингге чыккандардын айтымында, бүгүнкү күндө кызыл зонада иштегендери үчүн айлыгын ала албай жатышкан Республикалык ооруканада жалпы 200дөй медицина кызматкери бар.
Бир аз убакыттан кийин акцияга чыккандардын суроосуна жооп берүү үчүн Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басарынын милдетин аткаруучу Улукбек Күреңкеев келди.
«Бүгүн Финансы министрлигинин өкүлдөрү менен жолуктук. Алар кызыл зонада иштегендердин айлыгы кичине кечигип жатыптыр, биз сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, бүгүн же эртең айлыктары түшөт деп айтышты.
Ошондуктан азыр биз кызматкерлерге эмгек акыңыздар түшөт деп айтып койсок болот. Түшүнүү менен кабыл алыңыздар», - деди Күреңкеев.
Булак: NazarNews.kg