www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү максатында басылып чыккан китептердин бет ачаары болуп өттү.
Бет ачаарга авторлор Кыргыз Республикасынын Эл артисти Келдибек Ниязов жана Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бактыгул Чотурова да катышты.
Мындан сырткары, иш- чаранын алкагында КМШ өлкөлөр арасында өткөн «Искусство книги», Манас күнүнө карата жарыяланган «Манас тест» жана 12- декабрь «Улуттук адабият күнүнө» карата жарыяланган онлайн сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды.
КМШ өлкөлөр арасында өткөн «Искусство книги» сынагынын жеңүүчүлөрү:
«Чыгыш адабияты жана искуссвосу» чыгарган «Кыл калем учундагы Жибек — Жолу» китеби;
А. Дудашвилинин «Гелогические наследие западного Тянь- Шаня основа сохранения биоразнобразия и развития экотуризма» китеби;
«Аркус» басмаканасы — О. Безбородова «Код памяти историческо — публистические очерки о многонациональной культуре Кыргызстана;
«Глобал принт» басмаканасынын «Художники Таласа» китептери.
Манас күнүнө карата жарыяланган «Манас тест» жана 12- декабрь «Улуттук адабият күнүнө» карата жарыяланган онлайн сынактын жеңүүчүлөрү:
1.Аденов Сагынбек
2. Турдакунова Адинай
3. Зарина Төлөгөнова
4. Нуриза Кубанычбек кызы
5. Толкунали кызы Айжаңыл
6. Адраев Кубат
7. Жакшылык Бекназаров
8. Руслан Абдыкеримов
9. Асель Замирбек кызы
10. Назира
Сыйлыкты Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков тапшырды. Маданият министрлиги акыркы кезде маданият тармагына тиешелүү даталуу күндөрдө атайын даярдалган онлайн сынак уюштуруу демилгесин колго алып, социалдык медиада жарыялап келет. Жеңүүчүлөр фейсбук жана инстаграм аккаунттары менен катышып, ар бир сынакка жалпы колдонуучулар 2000 ге чукулдап калды.
Эске салсак, буга чейин, Министрлик тарабынан «Кыргыз киносунун күнүнө» карата жарыялаган болчу.
Булак: NazarNews.kg