www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анжиянда кызынын өлүмү үчүн жоопкерден компенсация өндүрүп берүүнү талап кылган аял облустук прокуратуранын алдында өзүнө өрт койду. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасына шилтеме берип, жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Мекеменин маалыматына караганда, ошол маалда абалга көз салып турган милиция кызматкерлери аялдын күйүп жаткан кийимдерин чечип, өрттү өчүрүүгө жетишкен. «Бирок ага карабастан анын бети, колдору жана моюну күйүп, ооруканага жеткирилди. Бул иш боюнча Анжиян шаардык прокуратурасы тергөө иштерин баштады», — деп жазылган билдирүүдө.

Быйыл июлда 21 жаштагы жергиликтүү тургун жигитин күтүп турган өспүрүм кызды сүрөткө тартып алып, аны ата-энесине жана инспекторго көрсөтөм деп опузалаган. Коркуп кеткен кыз үйүнө барып асынып алган.

Бул факты боюнча «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, маркум кыздын апасы 30-ноябрда Анжиян облустук прокуратурасына барып, кызынын өлүмүнө айыпталып жаткан адам компенсация төлөп бере электигине даттанган. Бирок бул маселе менен тергөө органдары алектенбестигин уккандан кийин өзүн өрттөй турганын айтып сыртка чыгып кеткен. Көп өтпөй прокуратуранын автоунаа токтотуу жайында үстүнө бензин чачып, өрт коюп жиберген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости