www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук классикалык күрөш федерациясы республикалык деңгээлде, жети дубандын өкүлдөрүнүн катышуусунда күрөш өткөрөт. Бул тууралуу күрөш федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата Лейлек районундагы Исфана шаарынын стадионунда атактуу палван, маркум Абдырахман Момуновдун жаркын элесине арналат.

Аталган мелдештин максаты Баткен облусунун Тажикстан менен чек аралаш аймактарында жашаган элибизге кыргыздын каада-салтында болуп келген күрөш мелдешин тартуулап, жаштарды мекенчилдикке чакырып, сергек жашоо образына үгүттөө болуп саналат.

Эске салсак,Лейлек районунда Улуу Ата Мекендик согуштун Баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арнап байгелүү күрөш мелдешин өткөрүп келет. Акыркы 10 жылда жыл сайын 25-октябрда кыргыз Эл Баатыры, мамлекеттик жана саясый  ишмер, улуу инсан Исхак Раззаковдун жаркын элесине арнап Кыргыз Республикасынын күрөш чемпионаты өткөрүлүп жатат.

Последние новости