www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Биз спортчуларыбыздын ийгилиги менен Тажикстандын алдында моралдык жактан да жеңишке жетиштик", - деди бүгүн, 24-августта NazarNews маалымат агенттигине мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун.

- Турсунбек агай, Токио олимпиадасында ийгилик жараткан спортчуларды сыйлоо аземинен кийин эмгеги бааланган спортчулар да, сый акыга татыган машыктыруучулар да спортчуларга буга чейин мындай мамиле болбогонун айтышып, ыраазы болушту. Эми президенттин колдоосунан кийин сопрт тармагы да жанданат деп үмүт арсак болобу?

- Токио олимпидасынын жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи жөнүндө эки ооз сөз айтайын. Кечээ Токио олимпиадасынын сыйлоо аземинде сыйлангандарды, сыйлагандарды көрүп толкундандым. Сүйүнүчтөн көзүмө жаш алдым... Кыргызстандын тарыхында мындай деңгээлде спортчуларды эч ким сыйлаган эмес. Айсулуу менен Акжолдун алган күмүш медалдары алтынга тете, Мээримдики күмүшкө тете медал болду. Борбор Азия мамлекетинде алган медалдарыбыз боюнча 2-орунду алдык. Бул чоң жетишкендик. Анткени, мен “кыйынмын” деген президенттер башкарган мамлекеттерден бир да медал албай калгандар болду. Биз спортчуларыбыздын ийгилиги менен Тажикстандын алдында моралдык жактан да жеңишке жетиштик.

Буга чейин премьер-министр ким алтын алса, 10 миллион сом беребиз. Күмүш медал алса, 7 миллион сом беребиз деп жарыялаган. Акжол менен Айсулуунун алган медалдары алтынга тете болгон үчүн аларга 10 миллиондон берилди. Мээримдики күмүшкө тете болуп, ал 7 миллион сом алды. Ошондой эле үч автомобилди президент өзүнүн атынан белек кылды. Манас орденин такты. Бул спортчуларыбызга дем, күч берген аябагандай чоң сый болду.

Каныбек Осмоналиев айткандай “аванс” берилди. Канат Бегалиевдин машыктыруучусу 2008-жылкы олимпиадада күмүш медал алып келсек да, мындай сый көргөн эмеспиз деп толкунданып ачык айтты. Жоломан Шаршенбаев сыяктуу азаматтарыбыздын мээнети, аракети бааланды. Айпери Медет кызы медал алып келбесе да Американын дүйнө чемпионун аз жерден жеңип койгону эске алынды. Медал албаса да, медал алганга тете иш жасаган спортчу кызыбыздын да эмгеги бааланып, татыктуу сыйлыгын алды. Президентибиз спортчуларга болгон өзгөчө урмат-сыйы менен келерки олимпиадага чоң дух берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости