www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУ: Талибдер аялдардын укугун чектеп жатат

БУУнун адам укугу боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет талибдер Ооганстанда адам укугун одоно бузган учурлар боюнча так маалыматтар түшүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, талибдер көзөмөлдөгөн жерлерде тынч калктын арасынан өзүм билемдик менен өлүм жазасына тарткан жана аялдар менен кыздардын укугун чектеген учурлар катталууда.

Мишель Бачелет 24-августта Пакистан менен Ислам кызматташтыгы уюмунун суроо-талабынын негизинде БУУнун адам укугу боюнча кеңешинин чукул жыйынын чакырууга үндөдү. Ал анда талибдердин аракетине көңүл буруунун механизмдерин иштеп чыгууну сунуштады.

Бачелет «Талибанды» аялдардын, кыздардын укугун сактоого, диний-этникалык азчылык топтордунөкүлдөрүн куугунтуктоодон карманууга чакырды.

«Мен “Талибанды” жоопкерчиликтүү башкарууну, адам укугун жана социалдык биримдик менен жарашуу ченемдерин кабыл алууга көптөн-көп чакырам. Анын ичинде ондогон жылдардан бери андан жабыркагандардын укугун урматтоо керек”, – деди Бачелет.

Бул жолугушуу америкалык аскерлер Ооганстандан чыгарыла баштап, анда “Талибан” кыймылы көзөмөлдү өзүнө алган учурга туура келди.

“Талибан” бул жолу эскиче башкарбай турганын айтып, аялдардын укугун басмырлаган учурлар болбойт деп убада берген. Талибдер шарият эрежелеринин алкагында кыздарга мектепте окууга уруксат берилерин билдирген. Бирок анын убадалары ооган коомчулугунда ишеним жарата элек.

АКШ толук эвакуациялоого үлгүрбөй жаткандыктан, америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгаруу мөөнөтүн узартуу маселеси талкууланып жатканын билдирген. Бирок талибдер буга каршы чыгып, америкалык аскерлерди чыгарууга бир жумадай гана убакыт калганын эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости