www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Спортсменге зарыл болгон кийим-кече, тамак-аш өтө маанилүү камкордуктар болуусу зарыл", - деди бүгүн, 24-августта NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Олимпиадада ийгилик жараткан, элибизге сыймык алып келген спортчуларды татыктуу тосуп алдыкпы?

- Олимпиаданын күжүрмөн баатырларыбызды президент татыктуу тосуп алды жана жакшы сыйлады. Баарыбыз ыраазы болдук. Эми ушундай маанилүү иш чараны таштап койбой же болсо мафиялашып алышкан спорт функционерлеринин колуна кармата салбай бийликтин күнүмдүк контролунда катуу кармап туруусу абзел. Бул керек болсо, улуттук намысыбыз. Демек, улуттук идеологиянын бир баалуу түзүүчүсү, болгондо дагы абдан маанилүүсү. Мамкатчынын ар дайым көзөмөлүндө жана камкордугунда болушу шарт. Мисалы, бизде спорттук сарайлар жокко эсе. Керектүү инвентарлар дээрлик эле жок. Спортсменге зарыл болгон кийим-кече, тамак-аш өтө маанилүү камкордуктар болуусу зарыл. Мамлекеттин спортсмендерге татыктуу шарттарды түзүп туруп, анан гана алардан спорттук жетишкендиктерди талап кылууга акысы бар. Андай болбосо жөн эле көз боёмочулук же профанация болуп калат!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости