www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул мыйзамдын өтүшү сырттан кийлигишүү болуп жатканын да көрсөтөт. Мындай пикирди укук коргоочу, эксперт Эржан Кайыпов.

Аталган укук коргоочу бул мыйзамдын өтүшү сырттан кийлигишүү болуп жатканын да көрсөтөт деди.

--"Сырттан башкаруунун бир белгисин көрүп атабыз. Себеби бул мыйзам долбоорлору Россиядан көчүрүлүп келип жатат. Кыргызстанга EАЭБдин алкагында бирдей стандарттарды киргизүү, бирдей чектөөлөрдү киргизүү, бир стилдеги башкарууну киргизүү аракети болуп жатат", - дейт ал. 

Бул мыйзам мурда башкача аталыш менен парламентте кабыл алынып, коомчулуктун нааразылыгы катуу болгон үчүн убагында Соронбай Жээнбеков президент болуп турганда кол койбой кайра кайтарып жиберген. Эми анын бир жылдан кийин кайра өжөрлүк менен өткөрүлүп жатканы бийликтин өзүнүн чоң кызыкчылыгын көрсөтүп тургандай.

Кошумчалай кетсек, президент Садыр Жапаров “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Маалыматта Конституцияга ылайык, ар бир жаран өз ар намысын коргоого укуктуу экенин, кол коюлган мыйзамда анын аткарылышына шарт түзүлөрү жазылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости