www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин өлкөдө интрига бүтпөйт окшойт. Мындай пикирин экс-депутат Жылдызкан Жолдошова өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.

--"Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчы Ташиевдер дос болуп жүрүшкөндө, мен аларды тааныбайт элем. Мыкты достор болгон, дагы да мыкты достор болот деп ишенем.

ФБга бирөө пост жазыптыр, "Жылдызкан Джолдошованы, Ахматбек Келдибеков Садыр Жапаровго каршы сүйлөтүп жатат"-деп. Эми бул кимдин интригасы билбейм. Бийлик, өзү териштирип алат деп ойлойм. Үч дос менин мүнөзүмү жакшы билишет. Өмүрүмдө "заказ" аткарган эмесмин, о.э. эч кимди укпайм. Кандай маселе болбосун, өз көз карашым бар.

Болгон чындыкты өз убагында бетке айткан мүнөзүм да бар. Албетте бетке айткан киши эч кимге жакпайт... Аны менен бирге 2010-жылдан бери, 3 достун ийгиликтерин, кыйынчылыктарын бирге бөлүшүп келе жатам.

А.Келдибеков күчтүү мамлекеттик ишмер, саясатчы. Ошону менен бирге С.Жапаровтун досу, андыктан Ахматбек андай сөздөрдү мага эле эмес, бирөөгө да айтпайт. Ал эми менин жазып жаткан чындыгыма Садыр Жапаров көңүл бурса бурду, көңүл бурбаса Жапаровдун абийиринде болсун.

Өкүнүчтүүсү, С.Жапаровту, К.Ташиевти, А. Келдибековту, Н. Тюлеевти, Т. Мамытовту камоого негизги ролду ойногондор, азыр Жапаровтун эң жакын "достору", элчиликти, Өкмөттүн курамында, майлуу-сүттүү жерлерди ээлеп олтурушса, ал эми 2010-жылдан бери С.Жапаровту колдоп келе жаткандар, айрыкча "Ата-Журтчулар", "Мекенчилдер" "душман" болуп калышканы.

Бир жолу Садыр мага ватсаптан жазып жибериптир: "Жылдыз эже, Сизди мага бирөөлөр жамандап, эч качан Сизди жек көрсөтө албайт мага"-деп.

--Жек көрөсүңбү мени Садыр, жек көрбөйсүңбү, ал сенин чечимиң. Бирок, мен болгон чындыкты өз убагында жазып турам, туура кабыл алып, адилет чечим чыгарып турасың деген ойдомун, фейктериңерди "фас" дебестен...

Деги эле үч доско туура эмес алып бара жаткан саясаттары жөнүндө өз убагында көзгө сайып айтууга менин акым бар деп эсептейм. Анткени мен Силердин эжеңермин, эч качан Силерге жамандык каалабайм.

Үч доско ынтымак калоо менен, мамлекет, эл үчүн Исхак Раззаковтой таза иштей бергиле демекчимин. Бирок, "дос" "душманды" ажырата билгениңерде сонун болмок…», - дейт Жылдызкан Жолдошова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости