www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы ММКда жана социалдык тармактарда жайылтылып жаткан кыргызчага ката которулган пиктограммалар (жазуулар) компаниянын аэропортторунда жок экендигин маалымдайт. Бул тууралуу Алия Курбанова билдирди. 

«Ош» аэропортунун дубалында жашыл түстөгү ката жазылган пиктограммалардын бар экендиги чындыкка дал келбейт. «МЭА» ААКсынын аэропортторундагы бардык пиктограммалар эл аралык стандартка ылайык сары-кара түстө жасалган, - деген маалыматты билдирди Алия Курбанова.

Эске сала кетсек буга чейин социалдык тармактарга Ош аэропортунда ката менен жазылган тактанын сүрөтү тараган. Сүрөттөн англисче, орусча жана кыргызча жазылган сөздөрдү көрүүгө болот. Анда кыргыз тилиндеги көрсөтмө ката жазылган.

Кызыгы, сүрөттөгү ката которулган пиктограмма кайсы аэропортто жайгаштырылган? Бул тууралуу маалымат такталат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости