www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын эстрада ырчысы Филипп Киркоров Кыргыз Республикасынын тунгуч президенти Аскар Акаевге таандык болгон чоң сарайга ээ болду. Бул тууралуу "Новый век" Telegram-каналы жазды.
Маалыматка ылайык, элиталык батирлерди ырчы өткөн жылы сатып алган. Мамлекеттик каттодон алынган документ Telegram каналдын колуна түшкөн. Ал документке ылайык, 2020-жылы декабрда Киркоров Акаевден Филипповский турак жай комплексиндеги эки кабаттуу пентхаус сатып алган. Объектинин базар баасы дээрлик 1 миллиард рублей түзгөн. Бирок Филипп Киркоров бул мүлк үчүн канча төлөгөнү дале белгисиз.
Пентхаус 537 чарчы метр аянтка ээ. Турак жай комплекси Москванын борборунда Гоголевский бульварынын жанында жайгашкан. Имараттын ичи мрамор жана мозаика менен сарай стилинде жасалган.
Эске сала кетсек, Аскар Акаев 2005-жылы 24 -мартта бийликтен кулатылган. Ал 16 жылдан соң, ушул жылдын 2-августунда Бишкекке учуп кеткен. Буга чейин ал "Кумтөр" иши боюнча издөөдө жүргөн. Мурдагы президент УКМКга жеткирилгенден кийин тергөө менен келишим түзгөн. Акаевдин айтымында, ал бир нече жолу суракка алынган. Мурунку мамлекет башчысы кетээр алдында жалпы кыргы журтуна кайрылуу жасап, анда кыргыз элинен чуулгандуу долбоор үчүн гана кечирим сураган. Ал эми бардык жоопкерчиликти экс-премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев менен Николай Танаевге жүктөгөн.
Булак: NazarNews.kg