www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында А.Сыдыгалиев көчөсүндө жайгашкан аянты 0,23 гектар болгон жер тилкеси 2011-жылы мыйзам бузуу жолу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасы билдирди.
Прокурордук чара көрүүнүн негизинде жерге болгон укукту ырастоочу документтер жокко чыгарылып, базар баасы 55 миллион 493 миң сом деп бааланган тилке кайрадан муниципалдык менчикке өткөрүлдү.
Учурда бул багытта тиешелүү укуктук жана менчик маселелери боюнча кошумча териштирүүлөр улантылууда.