www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин Жыргалбек Сагынбаев жетектеп жатканына эки айдын жүзү болду.

Аталган тармак буга чейин коррупциянын уюгуна айланып калганы коомчулукта ачык эле айтылып келет. Лицензия берүү боюнча чырмалышкан коррупция так ушул тармакта. Жетекчиликке келгендердин бирин жамандап, бирин каматып, дагы бирине интрига уюштургандар так ошол лицензия маселесин чече албай айласы кеткендер.

Жетекчиликке келгенине кыска убакыт болсо дагы Сагынбаевге бут тоскондор интригаларын башташты.Тактап айтканда, эки күн мурун Жыргалбек Сагынбаевдин диплому жасалма экен деген маалыматты интернетке чыгарышты.

«Буга чейин мамлекеттик жетекчилик, болгондо дагы министрдин орун басарлык кызмат ордуна чейин жеткен Сагынбаевдин дипломун эч ким көргөн эмеспи? Жасалма экендигин билген эмеспи?..», - деген мыйзам ченемдүү суроо жаралат.

Албетте, бул жөн гана интрига экендиги айтпаса да белгилүү го. Жетекчилик кызматка жаңы келген Сагынбаев 100дөн ашык лицензияны текшерип, бир тобун «отказ» режимине чейиин такап койгонун уктук.

Демек, лицензиядан кол жууганы калган шылуундар «жасалма диплом» деген жөө жомокту токуп чыгышканын аңдабай билсек болот...

Булак: "De Факто" гезити

Последние новости