www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада катаал карантин болот

Украина бийлиги коронавируска байланыштуу катаал карантин киргизүү чечимин кабыл алды. Ага ылайык, 8-январдан 24-январга чейинки аралыкта өзгөчө режимдеги чектөөлөр сакталат.

Ошондой эле министрлер кабинети жалпы элдик карантин убактысын жана өлкөдөгү өзгөчө кырдаал режимин 28-февралга чейин узартты. Буга чейин бул чектөөлөр жыл соңуна чейин болору айтылган эле.

Катаал карантин учурунда мектептер жана жогорку окуу жайлар жабык болот, бирок бала бакчалар жумушун улантат. Массалык иш-чараларды уюштурууга, көңүл ачуучу жайлардын жана маданий мекемелердин иштөөсүнө толугу менен тыюу тыюу салынат. Мындай чектөөлөр базарларга да тиешелүү.

Буга чейин Украина президенти Владимир Зеленский масштабдуу локдаун болорун, ошол эле учурда өлкөгө кирип-чыгуу пункттары жабылбай тургандыгын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости