www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Американын «Time» журналы Түштүк Кореянын мырзалардан турган «BTS» тобун жылдын мыкты артисттери деп тапты.
«BTS» музыкалык чарттардагы эң ийгиликтүү K-поп тобу гана эмес, журналдагы макалада айтылгандай, дүйнөдөгү эң ийгиликтүү топ.
Басылма белгилегендей, бул жылы топ жаңы релиздерди чыгарып, «Billboard» чартында биринчи орун алган. Кошумчалай кетсек, ушул жылы топ англис тилиндеги биринчи ыры «Dynamite» хити үчүн «Грэмми» сыйлыгына талапкер болду.
2019-жылы «Time 100» долбоорунун алкагында «BTS» тобу жылдын эң таасирдүү 100 адамдын тизмесине кирген.
Жайында бул топтун «Bang Bang Con: Live» онлайн концерти Гиннестин рекорддор китебине эң көп көрүүчү катышкан түз эфирдеги шоу катары кирген. «Bang Bang Con» – BTS тобунун 14-июнда өткөн биринчи акы төлөнүүчү онлайн шоусу. Топтун мүчөлөрү сахнада 100 мүнөттүн ичинде 12 музыкалык номерди аткарышып, бүткүл дүйнөдөгү күйөрмандары аткарууну түз эфирде көрүштү. 100дөн ашуун өлкөдөн болжол менен 756,000 байланыш катталып, 15 стадионго берилген концертке барабар болду.
«BTS» - 2013-жылы дебют жасаган Түштүк Кореянын поп тобу. Топ жети музыканттан турат: RM (топтун лидери), Джин, Шуга, Джей-Хоуп, Чимин, V жана Чонгук. Топ «Big Hit Entertainment» үн жаздыруу жана көңүл ачуу компаниясынын алдында турат.
Булак: NazarNews.kg