www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мадумаров 7 пайыздык парламенттик тосмодон өтпөй калган, эми 9 пайыз ага өтө оор болуп калат окшойт.

2010-жылдагы парламенттик шайлоодо Адахан Кимсанбаевич 7 пайыздык тосмого чукулдап барып, парламентке өтө албай калган. 2011-жылы Мадумаров президенттик шайлоого аттанат, Адахам Кимсанбаевичтин күчү күч экен, Камчыбек Ташиевди бир аз артка калтырып, лекин Алмазбек Атамбаевге алдырып, экинчи орунда келген. Үчүнчү ирет 2015-жылы Кыргызстанды титиреткен олигарх Аскар Салымбеков менен биргеликте парламенттик шайлоого “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” менен биргеликте парламенттик шайлоого кайра аттанат. Ким кимди артка тартканын ким билет. Ошол мезгилде “Кыргызстан” партиясын түзүп, Ат-Башынын олигархына айланып кеткен Шаки (Шаршенбек Абдыкеримов) өзүнүн жердеши Аскар Мааткабыловичти жер каратып, түштүктө Мадумаров спикер кезинде сүйлөмөк түгүл “нөлөбөй” класстын окуучуларындай жер карап отурушкан Бакыт Эргешович менен Алтынбек Турдубаевичтер  Адакеңдин мурдуна пок сүйкөп кетишкен. Эми Мадумаров эмне дейт?

Шайлоо босогосу жок дегенде 5%га түшпөсө, келе жаткан парламенттик шайлоо революция менен бүтөт, — деп болжоду «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров: «Бүгүнкү күндө элдин маанайы ушундай. Экинчи маселе — конституциялык укукту ордуна коелу. Кыргызстандын жаранысың, шайлоого укугуң бар деген», — дейт Мадумаров.

Саясатчы Адаке конституциялык укук деп жарандардын партияны эмес, партия мүчөсүн да тандай алуу мүмкүнчүлүгүн айтууда. Мадумаров шайлоо мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү калк аралап, түшүндүрүп берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Бишкек шаарында белдүү саясатчылар, талдоочулар шайлоо мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулады. Кеп босогону 9%дан 3%га түшүрүү жана ачык тизме тууралуу болуп жатат. Алардын дээрлик баары мыйзам долбоорун колдой турганын айтышты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости