www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ФОТО - Аксыда жөө күлүктөр аныкталды

12-ноябрда Аксы РИИБи менен Кербен шаардык мэриясы биргеликте жеңил атлетика боюнча жаштар биринчилигин өткөрүштү. Бул спорттук иш-чара 10-ноябрь бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнүн алкагында уюштурулду.

Мелдешке Кербен шаарындагы 10 орто мектептердин 16 жаштагы улан кыздары катышып, аларды жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери коштоп жүрүштү. Жүгүрүүнүн жалпы узундугу 2 км түзүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, медалдар жана кубок ыйгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.

Мелдештин соңунда РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекторлору жаштарды дени сак жашоого, спортту жана ата мекенди сүйүүгө чакырышып, ар кандай кылмыштуулук, кырсыктардан алыс болууга үндөштү. Ал эми катышуучулар бул спорттук иш-чараны демилгелеп, жаштарды достукка чакырган уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости