www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Майрамкул мырза, дегеле Самат Ибраев экөөңүздөрдүн ортоңузда чечилбеген кандай маселе бар? Талаш-тартыш Ак үйгө чейин жетти окшойт.

--Ооба, Сооронбай Шариповичке чейин кайрылдым. Биздин "Строймир" компаниясы 2007-жылдан бери Кыргызстандын аймагында курулуш материалдарын дүң жана чекене баада сатууну колго алып келе жатат. Аны мен жана Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси, "Саякбай манасчы" фондунун башчысы Саматбек Ибраев экөөбүз уюштурганбыз. Тагыраагы, уюштуруучу катары С.Ибраевдин ордуна жубайы - Иманкулова Нуржан Ракимовна көрсөтүлгөн ЖЧК "Строймирде эки тараптын үлүшү 50/50 пайызды түзөт. Компаниянын баш директору болуп 2007-жылдан 2015-жылга чейин Саматбек Ибраев өзү иштеп келген. 2015-жылдан 2018-жылга чейинки кыска аралыкта иним Эльдияр Шабданов башкарса, 2018-жылдын ноябрь айынан бери С.Ибраевдин уулу Данияр Ибраев иштеп келе жатат. Булардын шашылыш түрдө Данияр Ибраевди баш директорлукка алып келгендигинин сыры кийин билинди. Учурда бул үй-бүлө жана "Строймир" ЖЧКсынын бухгалтерлери, юристи бизнес-өнөктөшүнө каршы (тагыраагы, мага) жалган айыптоолор уюштурулуп, рейдерлик жол менен компанияны толугу менен жеке менчиктерине тартып алуу аракеттери жүрүүдө. 2011-жылдан 2018-жылга чейин "Строймир" ЖЧКда склад башчы болуп менин тууганым иштеген. Дал ошого байланыштуу, мага карата 4 миллион долларлык курулуш материалдарын жана акча-материалдык ресурстарды чыгарып кетүү боюнча жалган жалаа жабыла баштаган. Ошого байланыштуу, мен бир топ убакыттан бери компаниянын финансылык ишмердүүлүгүн текшерүү багытында көз карандысыз аудит жүргүзүүнү демилгелеп келгем.

--Эмнеге?

--Себеби, жогоруда айткандай, компания негизделген күндөн баштап жетекчилик жана финансылык ишмердүүлүктүн баары Ибраевдер тарабынан жүргүзүлүп келген, бирок буга чейин бир да жолу аудиттик текшерүү жүргүзүлбөгөн. Эмнегедир, Саматбек Ибраев жана баласы аудиттик текшерүүгө каршы болуп жатышат. Себеби, акыркы окуялар көрсөткөндөй, С.Ибраевдин жашыра турган, корко турган нерсеси бар экендигине шектенүүлөр пайда болду. Анткени, мага жана менин тууганыма карата жалган жалаа жабылган соң, мен өзүмдүн каражатыма жалдап, демилгелеп чыккан көз карандысыз аудитордук компаниянын ишине азыркы баш директор Данияр Ибраев караманча каршы туруп, киргизбей койгон. Бул багытта Кыргыз Ремпубликасынын Финансы полициясына аудиттик текшерүүгө тоскоолдук кылуу фактысы боюнча кайрылуу да жолдогонбуз. Айта кетүүчү жагдай, бизге белгисиз себептер менен Финполиция кызматкерлери чара көрбөгөн соң, көзөмөл иретинде Бишкек шаарынын прокуратурасына да кайрылууга аргасыз болгонбуз. Бирок, бүгүнкү күндө да бул багытта тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан эч бир аракеттер көрүлбөй жаткандыгы мени таң калтырат.

--Самат Ибраев ишкерди менен эмес маданият менен алек эле го?

--Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси, "Саякбай манасчы фондунун башчысы Саматбек Ибраевдин демилгеси менен режиссер Эрнест Абдыжапаров "Саякбай" кинотасмасын тартканын жакшы билесиздер. Кеңири жарнамаланып, мыкты тасма катары мактап жатышты эле, прокаттан ага жумшалган каражаттын жарымы да кайтып келген жок. С.Ибраев бул фильмди тартууга жеке өзү бир топ каражат сарптаганын айтып келет. Бирок биздин баамыбызда, дал ушул фильмдин шылтоосу менен да Саматбек Ибраев фирмадан бир канча миллиондогон каражаттарды чыгарып кетүүсү мүмкүн.

--Самат Ибраев, “Саякбай” кинотасмасын тартып, туура эле демилге көтөрүп чыккан турбайбы, кинонун бул маселеге кандай тийешеси бар?

--Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси, “Саякбай манасчы” фондунун башчысы Саматбек Ибраев өзүн элге мыкты инсан көрсөткөнү, шайлоого даярдыгы. “Легенды” фильмин тарткан. Бул тасманын бюджети эле 17 миллион сомду чапчыганы менен фильмди эч ким кызыгып деле көргөн жок. Саматбек Ибраев өзүн элге берешен көрсөткүсү келип  бир нече манасчыларга квартира белек кылгандыгын мактанып келгенин баары билет. Бул анын жөн эле элге жагынуу кыймыл-аракети жана амбициясы. 

--Самат Ибраев Бишкек шаарынан бир нече жер тилкелери, батирлер жана үйлөр алганы чынбы?

--"Строймир" ЖЧКсынын бүгүнкү финансылык көрсөткүчтөрү оор абалга кептелди. Себеби, 2018 жылы "Строймир" ЖЧКсынын атына ОАО "Айыл Банкынан" 3 000 000 (үч миллион) АКШ доллары менен насыя алынган. Бүгүнкү күндө ошол насыянын үстөгү жана салык төлөмдөрү төлөнө элек. Кыска убакытта Ибраев С.К. өзү, анын уулу "Строймир" ЖЧКсынын генералдык директору Ибраев Д.С. жана башка жакындары аркылуу чоң суммаларга Бишкек шаарынан бир нече жер тилкелери, батирлер жана үйлөр алынганын баары билет. Ошондой эле, Ибраев С.К. тарабынан "Строймир" ЖЧКсынан курулуш кылуу үчүн ири суммага материалдар (арматура, труба ж.б.) чыгарылган. Бул кадамы менен Ибраев С.К. жана анын жакындары "Строймир" ЖЧКсын банкроттук абалга жеткизип, жоопкерчиликтен качуу максатын көздөөдө. Себеби, насыя алууда булардын жеке мүлктөрү күрөөгө коюлган эмес. Жогорудагы талаш боюнча бүгүн Саматбек Ибраев кызмат абалынан пайдаланып, саясий басым көрсөтүп, ишти өз пайдасына чечип алууга аракет жасоодо. Бул кишинин атайын органдарга түздөн-түз кийлигишүүсү билинип турат.

--Атайын органдар карабай, аргасыз президенттке кайрылдым дедиңиз?

--Акыркы үмүтүм президентте. Сооронбай Шарипович, "коррупцияга каршы күрөштө дос-тууганыма жана кимди болбосун өлкө алдындагы сиңирген эмгегине карабайм" - деп айткан. Андыктан, Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Саматбек Ибраевдин жоруктарына акыйкаттуу баа берүүнү, ал жетекчи болуп келген күндөн берки парламент аппаратынын финансылык абалын, ошондой эле "Строймир" ЖЧКсынын, жана аларга тиешелүү "Телегей" ЖЧКсынын "Саякбай манасчы" коомдук фондунун финансылык ишмердүүлүгүн текшерүүснө алууну суранам! Мыйзам баарына бирдей болушу керек!

--Самат Ибраев, “Саякбай” кинотасмасын тартып туура эле демилге көтөрүп чыккан турбайбы, кинонун бул маселеге кандай тийешеси бар?

--Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси, “Саякбай манасчы” фондунун башчысы Саматбек Ибраев жеке өзүн улутчул, мекенчил адам катары пиар жасап, кийинки шайлоолорго жакшы даярдык көрүп алды. Фильмге кеткен каражаттын көп бөлүгүн каржылаганын бир айтып, эки койбойт. С.Ибраев “Легенды” фильмин тарткан. Бул тасманын бюджети 17 миллион сом. Бирок, бул фильмди эч ким кызыгып деле көргөн жок. Саматбек Ибраев элге улутун сүйгөн эр жигит катары көрсөтүп, бир нече манасчыларга квартира белек кылгандыгын мактанып келгенин баары билет.

--Рахмат...

PS: Бул маалымат тууралуу NazarNews.kg маалымат агенттиги эки тараптын кызыкчылыгын укканга даяр.

Биз менен маекте "Строймир" ЖЧКсынын экинчи уюштуруучусу Майрамкул Шабданов болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости